• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Олег Панкратов: Биз Франция менен өнөр жай, жогорку технология жана туризм тармагында кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдарбыз

Саясат 0

Бишкек, 28-февраль /Кабар/. Биз Франция Республикасы менен өнөр жай, жогорку технология жана туризм тармагында кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдарбыз, —деди Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Олег Панкратов Франция Республикасынын Кыргыз Республикасындагы ыйгарым укуктуу элчиси Микаэль Ру менен болгон жолугушууда. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

«Биз Франциянын ири копаниялары тарабынан инвестицияга кызыкдарбыз. Республика 185 миллиондой калк жашаган Евразия экономикалык биримдигине мүчөлүгүн эске алганда, Франциянын компанияларында өз продукцияларын сунуштоого жакшы мүмкүнчүлүктөр бар. Биз өзүбүз тараптан кыргыз экономикасына инвестиция тарта турган бизнесмендерге ар тараптуу колдоо көрсөтөбүз», – деди вице-премьер-министр Олег Панкратов.

Вице-премьер-министр Олег Панкратов бул жылы эки өлкөнүн дипломатиялык мамилесинин түзүлгөндүгүнө 25 жыл болгонун жана эки өлкө ортосунда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык багытта кызматташууну өнүктүрүү зарылдыгын баса белгиледи.

Франция Республикасынын Кыргыз Республикасындагы ыйгарым укуктуу элчиси Микаэль Ру акыркы кезде бир катар француз ишкерлери менен жолугушууларды өткөргөнүн билдирди.

«Алардын көпчүлүгү сиздердин өлкөдө жана аймактарда иштөөдө тажрыйбасы бар жана сиздердин рынокко келип иштөөгө кызыкдар. Биздин биргелешкен иш аракеттерибиз эки өлкө ортосундагы алаканын бекемделишине салым кошот деп ишенем», — деп жыйынтыктады француз дипломаты Микаэль Ру.

Пикир

Оставить комментарий