• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Олег Панкратов Коми Республикасынын башчысы менен жолугушту

Экономика 0

Бишкек, 05.10.18. /Кабар/. КРнын экономика министри Олег Панкратов Россия Федерациясынын Коми Республикасынын башчысы Сергей Галликов менен жолугушту. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу учурунда тараптар инвестицияларды тартуу, соода, өнөр жай, айыл-чарба, туризм, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, санариптик экономика жана башка тармактардагы кызматташтыктын перспективдүү багыттарын талкуулашты.

Панкратов учурда кол коюуга иштелип жаткан Кыргызстан жана Коминин өкмөттөрүнүн ортосундагы соода-экономикалык жана социалдык-маданий кызматташтык тууралуу макулдашуунун долбоорунун жыйынтыгы эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын өнүгүүсүнө оң импульс берерин белгиледи.

Россия тарап соода-экономикалык кызматташтык боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссияны түзүүгө кызыгуусун билдирди. Ал мамлекеттердин ортосундагы соода-экономикалык мамилелердин өнүгүшүнө платформа катары кызмат кылат.

Пикир

Оставить комментарий