• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Олимпиада 2020: 7-августта Ала-Тоо аянтында спортчуларга арналган салтанаттуу кече өтөт

Коом 0

Бишкек, 06.08.21. /Кабар/. Эртең, 7-августта Токиодогу Олимпиада оюндарына катышкан спортчулар мекенине кайтып келет.

Кыргызстандын Олимпиадалык курама командасынын мүчөлөрүнө арналган салтанаттуу кече 7-августта саат 13:00дө Ала-Тоо аянтында өтөт.

Салтанаттуу иш-чарага өлкөбүздүн намысын XXХII жайкы Олимпиадалык оюндарында коргогон спортчулар, машыктыруучулар катышып, эл менен жүз көрүшөт. Кече кыргыз эстрадасынын белгилүү жылдыздарынын коштоосунда өтөт.

Ушул жылдын чыныгы каармандарын биргеликте тосуп, алардын кубанычына ортоктош болуп, жеңишти бирге майрамдайлы!

Пикир

Оставить комментарий