• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Олимпиада-2020: Кыргызстандын курамасынын кийимин кытайлык компания тигип берет

Спорт 0

Бишкек, 31.01.20. /Кабар/. Быйыл Токиодогу (Япония) Олимпиада оюндарына бара турган Кыргызстандын курамасынын кийимин кытайлык Tectop компания тигип берет. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинен билдиришти.

Аталган комитеттен билдиришкендей, ушул эле компания 2018-жылы Жакартада (Индонезия) өткөн Азия оюндарына барган кыргызстандык спортчулардын параддык формасын тигип берген (250 комплект).

"Алар биздин олимпиада курамабыздын техникалык демөөрчүсү болду. Азия оюндарынан кийин кийимдин сапаты жакшы болуптур деген пикирлерди уктук. Андан кийин биз сүйлөшүү жүргүзүп, 2020-жылкы Олимпиада оюндарына техникалык демөөрчүлүк кылуу боюнча макулдаштык. Алар акысыз түрдө параддык, атайын спорттук кийимди тигип беришет. Ар бир комплектте дээрлик 20 кийимден болот", - деп билдиришти комитеттен.

Ошондой эле Улуттук олимпиада комитетинен белгилешкендей, спортчуларга өзү көнгөн кийими менен жарышка чыгууга эч ким тыюу салбайт.

Пикир

Оставить комментарий