• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Олимпиада 2020: Жабылуу аземинде Кыргызстандын туусун балбан Эрназар Акматалиев көтөрүп чыгат

Спорт 0

Бишкек, 07.08.21. /Кабар/. Токио шаарында өтүп жаткан ХХХII жайкы олимпиада оюндарынын жабылуу аземинде Кыргызстандын туусун балбан Эрназар Акматалиев көтөрүп чыгат. Бул тууралуу Токиодон Кыргызстандын олимпиадалык командасынын басма сөз катчысы, спорттук баяндамачы Кабыл Макешов билдирди.

Маалыматка ылайык, 23-июлда расмий башталган Токио олимпиадалык оюндарына Кыргызстандан 16 спортчу катышты.

Кыргызстандык спортчулардын он үчү байгеге жетпей калса, балбандар Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудов күмүш байгелүү болуп, Мээрим Жуманазарова коло медаль тагынды. Байгелердин жалпы көрсөткүчү боюнча 2 күмүш, 1 коло медалы менен Кыргызстан кечээ 67-орунда турса, учурда 68-орунга жылып калды. Биринчи саптагы Кытай өлкөсүнүн учурда 36 алтын, 26 күмүш, 17 коло медалы бар. Экинчи орунда 31 алтын, 36 күмүш, 32 коло байге уткан АКШ турат. Оюн ээси Япония 24 алтын, 11 күмүш, 16 коло медаль утуп, үчүнчү орунда келатат. Төртүнчү орунда Улуу Британия турат. Эл аралык олимпиада комитетинин желеги астында катышып жаткан Россиянын учурда 17 алтын, 23 күмүш жана 22 коло медалы бар. Алар бешинчи тепкичте турат. Борбор Азия өлкөлөрүнөн Өзбекстан алдыда. Алар учурда 2 алтын, 1 коло байгеси менен 35-орунда келатат.Мурдакы олимпиадалык оюндарда ийгилик жаратып келген Казакстандын учурдагы 7 коло байгеси менен 79 орунга илинүүдө. Бир күмүш байгелүү Түркмөнстан 74-орунда келүүдө. Мелдештер жыйынтыкталып жаткандыктан бул орундар дагы жылышып, сандар өзгөрүп кетиши ыктымал. Олимпиада оюндарына катышкан 206 өлкөнүн 83 мамлекеттин спортчулары байгелүү орундарды ээлеп турушат.

Эртең, 8-августта олимпиаданын жабылуу аземи болот. Аземде Кыргыз Республикасынын туусун эркин күрөш боюнча эл аралык спорт чебери Эрназар Акматалиев көтөрүп чыгат.

Келечегинен үмүткөр кылган 22 жаштагы балбан Эрназар Акматалиев Нарын облусунун Нарын районундагы Орто-Нура айылында төрөлгөн. Жети жашынан бери күрөш менен машыгып келатат. 2015-жылы Индияда өткөн өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионатында коло байге тагынып, чоң спортко тагдырын арнаган.

2018-жылы эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын катарына кабыл алынган. Кыргызстандын эркин күрөш боюнча эки жолку чемпиону. 2018-жылы Эрназар жаштар арасындагы Азия чемпионатынын күмүш байгесинин ээси болгон. 2019-жылы Иранда өткөн Тахти кубогунда алтын байге утуп, олжолуу келген. 2021-жылы Украинада өткөн эл аралык турнирде дагы финалга чейин жетип, күмүш медаль тагынган.

Ал 6-августта Азиянын эки жолку чемпиону, Азия оюндарынын чемпиону, дүйнө чемпионаттарынын күмүш жана коло байге ээси, индиялык 27 жаштагы Баджранг Пуния менен теңата күрөшүп, 3:3 эсебинде тең чыгышып, калыстар артыкчылыкты индиялык балбанга берип коюшту. Ал эми индиялык Баджранг Пуния жарым финалда утулуп, Эрназар коло байгеге талапкер болбой калды.

Ошентип кыргызстандык спортчулар Токио олимпиадасын 7-августта жыйынтыктады.

Пикир

Оставить комментарий