• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Олимпиада 2024-жылы Парижде, 2028-жылы Лос-Анжелесте өтөт

Спорт 0

Бишкек, 2-август /Кабар/. 2024-жылы жайкы Олимпиада Парижде ал эми Лос-Анжелесте 2028-жылы өтөт.

2024-2028-жылы Олимпиаданы өткөрүү боюнча расмий чечим Эл аралык олимпиада комитетинин сентябрдагы жыйынында кабыл алынат.

“Мен Лос-Анжелесте өтө турган оюндарды олимпиадалык идеал жана америкалык рухтун үлгүсү катары болооруна ишенем жана ал күндү чыдамсыздык менен күтөм”,-деп жазылат АКШнын президенти Дональд Трамптын маалыматында.

Мурдараак Париж жана Лос-Анжелес Олимпиада оюндарын эки ирет өткөргөн. Парижде жайкы Олимпиада оюндары 1900 жана 1924-жылдары, Лос-Анжелесте 1932-жана 1984-жылдары өткөн.

Олимпиада оюндары үч ирет өткөн шаар катары Лондон эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий