• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Олимпиада: дзюдочу Владимир Золоев алгачкы атаандашына жеңилип калды

Спорт 0

Бишкек, 27.07.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык дзюдочу Владимир Золоев Токиодогу Олимпиада оюндарында алгачкы атаандашына жеңилип калды. Бул тууралуу Олимпиада оюндарынын сайтында айтылат.

Золоев 81 кг салмакта мелдештин 1/16 финалынан баштап күч сынашкан. Ал эскертүүлөрдү алуу менен алгачкы россиялык атаандашына жеңилип калды.

Мындан улам Владимир Золоев дзюдо боюнча мелдештин кийинки баскычына өтүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырады.

Пикир

Оставить комментарий