• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Токиодогу Олимпиада оюндарын көрүүгө 10 миңден ашуун адам киргизилбейт

Дүйнө 0

Бишкек, 22.06.21. /Кабар/. Быйыл июль-август айларында Токиодо өтчү Олимпиада оюндарын трибунадан көрүүгө уруксат берилет. Бирок алардын саны чектелет. Бул тууралуу мелдештерди уюштуруучу тарап - Эл аралык олимпиада комитети Токионун мэриясы жана япон өкмөтүнүн катышуусунда чечим кабыл алынды.

Японгияда кайрадан COVID-19 илдети күчөп баштаган маалда кабыл алынган бул чечим мунаса табуунун бир жолу болду. Анткени башында оюндарды такыр эле көрүүчүлөрсүз өткөрүү мүмкүнчүлүгү каралып, бирок аягында тараптар ар бир өтүп жаткан мелдешке 10 миңден ашпаган адамды киргизүү демилгесине токтолушту. Бирок ошол эле кезде коронавируска тест тапшыруу милдеттүү саналбайт.

Мындан сырткары Олимпиада оюндарын көрүүгө ошол маалда Японияда жашагандар гана киргизилет. Чет элдик күйөрмандарга өлкөгө кирүүгө тыюу салынган. Ал эми спорттук делегациялардын сандары бир топ кыскартылган.

Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Томас Бах билдиргендей, мелдештерге катышчу спортсмендер менен аларды коштоп келген расмий делегция мүчөлөрүнүн арасында эмделгендердин саны азыркы учурда 80 пайыздан ашып калды.

Былтыр пандемиядан улам жылып кеткен Олимпиада оюндарынын уюштуруучулары бир топ каршылыкка дуушар болушту. Оюндарды өткөрүүгө каршы тарап мындай массалык спорт мелдештерин өткөрүүдө коронавирус илдетин жугузуу кооптуулугу жогору экенин жана өлкөгө чоң чыгым алып келерин айтып, андан баш тартууга үндөп келишти.

Бул жолку Олимпиада оюндары "Олимпиада-2020" деген аталышын сактоо менен өткөрүлгөнү жатат. Анткени оюндар былтыр пандемияга байланыштуу кийинки жылга жылып кеткен.

Пикир

Оставить комментарий