• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Олимпиада оюндарынын байге ээси Канат Бегалиев мамлекеттик мекемени жетектейт

Кадр саясаты 0

Бишкек, 27.04.23. /Кабар/. Канат Бегалиев Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы мамлекеттик мекемесинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Буга чейинки мекеменин директору Айбек Абдымомунов Дене тарбия жана спорт департаментинин директору кызматына дайындалган.

Эскерте кетсек, Канат Бегалиев 2008-жылы Пекинде өткөн Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча 66 кг салмакта күмүш медаль багындырган.

Пикир

Оставить комментарий