• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү Базар Базаргуруев «Даңк» медалы менен сыйланды

Президент 0

Бишкек, 30.08.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык Базар Базаргуруев «Даңк» медалы менен сыйланды жана Анарбек Усенкановго «Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер» ардак наамы ыйгарылды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Кыргыз Республикасынын эркин күрөш боюнча эмгек сиңирген спорт чебери, 2008-жылы Пекиндеги XXIX Олимпиада оюндарынын коло байгесинин ээси Базаргуруев Базар Будажапович дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү көрүнүктүү жетишкендиктери үчүн «Даңк» медалы менен сыйланды.

Бишкек шаарынын Ленин районунун олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин эркин күрөш бөлүмүнүн улук окутуучу-машыктыруучусу Усенканов Анарбек Адыбаевичке дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, республиканын квалификациялуу спортсмендерин даярдагандыгы үчүн «Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер» ардак наамы ыйгарылды.

Пикир

Оставить комментарий