• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Олимпиада оюндарынын жылдырылышынан улам уюштуруучулар $1,9 млрд чыгымга учурады

Дүйнө 0

Бишкек, 30.11.20. /Кабар/. Коронавирус пандемиясына байланыштуу Токиодо өтө турган жайкы Олимпиада оюндарынын бир жылга жылдырылышынан улам уюштуруучулар болжол менен 200 миллиард иен (1,9 миллиард доллар) чыгымга учурады.

Япониянын Yomiuri гезити иш-чаранын уюштуруучуларына шилтеме кылып, бул чыгымдар персоналдын эмгек акыларын төлөө жана билеттерди кайра кайтарып берүү системасын түзүү иштерине байланыштуу экенин жазды.

Олимпиада оюндарын уюштуруу комитети кошумча чыгымдар тууралуу кеңири маалыматты кийинки айда, муниципалдык жана улуттук бийлик өкүлдөрү менен кеңешкенден кийин жарыялоону пландап жатат.

Оюндар жылдырылганга чейин уюштуруучулар аны өткөрүүгө 13 миллиард доллар кетет деп болжолдоп жатышкан.

Япония жайкы Олимпиада оюндарын өткөрүү укугуна 2013-жылы ээ болгон. Анда уюштуруучулар бул иш-чарага 7,3 миллиард доллар жумшаларын билдиришкен.

Март айында Эл аралык олимпиада комитети менен Япония өкмөтү коронавирус пандемиясынан улам оюндарды бир жылга жылдыруу боюнча чечим кабыл алышкан.

Олимпиада оюндарынын ачылышын 2021-жылдын 23-июлунда өткөрүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий