• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Олимпиада жеңүүчүлөрүнө 10 млн сом сый акы берүү сунушталды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 16.01.23. /Кабар/. “Дене тарбия жана спорт жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында биринчи окууда каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мыйзам долбоору Нурбек Сыдыгалиев, Мирлан Самыйкожо, Шайлообек Атазов, Русланбек Жакышов, Тазабек Икрамов, Нурланбек Азыгалиев, Эмил Жамгырчиев, Сүйүнбек Өмүрзаков, Марат Мураталиев, Улугбек Ормонов, Фархад Исмаилов, Гүлшаркан Култаева, Алишер Козуев, Бахридин Шабазов тарабынан демилгеленген.

Ушундай эле аталышта дагы бир мыйзам долбоору Жусупбек Коргонбай уулу, Шайлообек Атазов, Шаирбек Ташиев тарабынан сунушталган.

Биринчи мыйзам долбоору боюнча баяндама жасаган Нурбек Сыдыгалиев: “Долбоор аркылуу чемпиондор жана байге ээлери үчүн сыйлыктардын суммаларын, ошондой эле машыктыруучуларга жана врачтарга бөлүштүрүлүүчү сыйлыктардын жана пайыздардын көлөмүн бир жолку акчалай сыйлыктардын мурдагы төлөмүнөн кем эмес белгилөө сунушталууда”, – деди.

Ал эми экинчи мыйзам долбоору боюнча маалымат берген Жусупбек Коргонбай уулу долбоор аркылуу берилүүчү сыйлыктардын суммасы көрсөтүлүп жатканын билдирди.

Тагыраагы, Олимпиадалык, Паралимпиадалык жана Азиялык оюндарында алтын медаль алгандарга 10 млн сом, күмүш медаль алгандарга 7 млн сом, коло медаль алгандарга 5 млн сом берүү сунушталууда. Андан тышкары, спортчунун акчалай сыйакысынын суммасынан башкы машыктыруучуга – 30%, улук жана жеке машыктыруучуларга – 25%, биринчи машыктыруучуга жана медициналык кызматкерлерге – 10% өлчөмүндөгү бир жолку сыйакылар белгиленген.

Талкуу маалында депутат Максатбек Сарбагышев спортчулардын чет өлкөгө чыгып, мелдештерге катышуусуна керектүү каржылык колдоо боюнча да беренени мыйзамда камтый кетүү сунушун берсе, депутат Аида Исатбек кызы каржынын убагында бөлүнбөгөндүгүнө байланыштуу спортчулар эл аралык таймаштарга катыша албай калып жатканын сынга алды.

Ал эми депутат Медербек Алиев кылмыш ишине аралашкан спортчулар көп болуп жатканын жүйө келтирип, бул жаатта түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырды. Ушундай эле пикирге токтолгон депутат Жаныбек Абиров кылмыш иштерине аралашкан спортчуларды бардык наамдарынан ажыратуу маселесин кароону сунуштады.

Ошондой эле жыйында депутаттар сунушталган мыйзам долбоорлорун бириктирүү керектигин айтышып, концепциясын жактырышты.

Пикир

Оставить комментарий