• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Олимпиададагы күмүш медалымды эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арнайм — Тыныбекова

Спорт 0

Бишкек, 23.08.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 23-август күнү президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Токио шаарындагы XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын байге ээлери жана катышуучуларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу салтанаттуу аземи өтүүдө.

Аталган аземде Олимпиаданын күмүш медалынын ээси Айсулуу Тыныбекова сөз сүйлөдү.

“Сиздер менен жүз көрүшүп жатканыма абдан кубанычтамын. Эгемендүүлүк майрамыңыздар менен куттуктоого уруксат этиңиздер. Урматтуу Садыр Нуркожоевич, Токиодогу Олимп оюндарында сиздин колдооңузду сезип турдум. Олимпиададагы күмүш медалымды эгемендүүлүктүн 30 жылдык мааракесине арнайм”, - дейт Тыныбекова.

Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова Токиодогу Олимпиада оюндарында кыз-келиндер арасында күрөш боюнча мелдештин күмүш медалын тагынган. Акжол Махмудов Токиодогу Олимпиада оюндарында күмүш медаль багындырса, ал эми Мээрим Жуманазарова коло байге утту.

Кыргызстандан ХХХII жайкы Олимпиада оюндарына 16 спортчу барган.

Пикир

Оставить комментарий