• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

“Олимпиададан кийин бир ай машыккан эмес элем”: Тыныбекованын жеңишинен кийинки маеги

Спорт 0

Бишкек, 06.10.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер арасында күрөш боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону болгондон кийин журналисттердин бир катар суроолоруна жооп берди. Анын маегинин видеосу United World Wrestling уюмунун youtube каналына жүктөлгөн.

Эскерте кетсек, кечээ, 5-октябрда, Тыныбекова финалдык беттеште америкалык Кайла Коллинди 7:0 эсебинде утуп алган.

Айсулуу Тыныбекова аталган мелдешке даярдык өтө начар болгонун айтат.

“Машыктыруучум жана менин жанымда болгон адамдар анын баарын көрүп турду. Ага карабастан кечээ килем үстүнө чыкканда менин формамды билип турса дагы колдоосун көрсөттү. Мүнөзүмдүн артынан жеңишке жеттим десем болот. Анткени физикалык даярдык боюнча эч нерсе айта албайм. Токиодогу Олимпиада оюндарынан кийин дээрлик бир ай машыккан эмес элем”, - дейт дүйнө чемпиону.

Кыргызстандык спортчу дүйнөнүн эки жолку чемпиону болуп өзү үчүн тарых жазганын белгиледи.

“Өлкөбүздө бүгүнкү күнгө чейин дүйнөнүн эки жолку чемпиону жок эле. Чемпион болуу мен үчүн бакыт. Ошондой эле мамлекетибиздин желегин желбиретип, Кыргызстандын атынан чыгуу мен үчүн сыймык”, - деди Тыныбекова.

Эскерте кетсек, Айсулуу Тыныбекова 2019-жылы Казакстанда өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында да алтын медаль багындырган.

Пикир

Оставить комментарий