• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

“Олимпиадалык оюндардын чемпиондорун жана байге ээлерин мамлекеттик колдоо жөнүндө” Жарлыгы күчүн жоготту

Президент 0

Бишкек, 20.02.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 12-декабрындагы “Олимпиадалык оюндардын чемпиондорун жана байге ээлерин мамлекеттик колдоо жөнүндө” Жарлыгын күчүн жоготту деп таануу тууралуу Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65, 88-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 12-декабрындагы № 547 “Олимпиадалык оюндардын чемпиондорун жана байге ээлерин мамлекеттик колдоо жөнүндө” Жарлыгы күчүн жоготту деп таанылды.

Пикир

Оставить комментарий