• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Олимпиаданын ачылышында КР желегин Каныкей Кубанычбекова көтөрүп чыгат

Спорт 0

Бишкек, 21.07.21. /Кабар/. Токиодогу Олимпиада оюндарынын ачылышында Кыргызстандын желегин ок атуу боюнча спортчу Каныкей Кубанычбекова көтөрүп чыгат. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Алардын маалыматы боюнча, буга кураманын капитаны, грек-рим күрөшүнүн балбаны Атабек Азисбековдун Олимпиада оюндарынын ачылышына катышууга жетишпей калышы себеп болууда.

«Кубанычбекова учурда КРнын эки спортчусу менен бирге Токиого барды», - деп түшүндүрүштү ведомстводон.

Эскерте кетсек, жайкы Олимпиада оюндары эки күндон кийин Япониянын Токио шаарында башталат. Оюндар 2020-жылы өтүш керек болчу, бирок Эл аралык олимпиада комитети COVID-19 пандемиясына байланыштуу 2021-жылга жылдырган.

Пикир

Оставить комментарий