• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Омандын Султаны Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады

Саясат 0

Бишкек, 05.06.19. /Кабар/. Омандын Султаны Кабус бен Саид Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Орозо айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Сизге Эйд Аль-Фитр майрамынын урматына арналган чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорду жолдоо бизге чоң кубаныч алып келет. Сизге бакыт жана бакубатчылык, ал эми меймандос Кыргызстан элине мындан аркы гүлдөп өнүгүүнү каалайбыз», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий