• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Омар “Silk Way Star” сынагында жеңишке жетти

Маданият 0

Бишкек, 15.12.17 /Кабар/. Белгилүү ырчы Омар сентябрдын аягында Алматыда башталган «Улуу Жибек Жолу жылдызы» (“Silk Way Star”) музыкалык шоусунда жеңип чыкты. Аталган музыкалык сынакка Улуу Жибек Жолундагы 9 өлкөнүн ырчылары катышкан.

Казахстандын атынан Айкын Толепберген, Грузия — Таймаз Аджая, Азербайжан — Эфенди, Кыргызстан — Омар, Башкыртостан — Ян Лира, Татарстан — Малика, Өзбекстан – Саида, Тажикстан- Сафармухамад аттуу музыка өкүлдөрү өз өлкөсүнүн намысы үчүн ат салышты.

“Silk Way Star” сынагы 12 эпизоддон туруп, ар биринде аткаруучулар өз өлкөсүнүн хит чыгармасын, экинчисинде өз эне тилинде казак ырларын, атаандаш өлкөлөрдүн, ошондой эле ата мекендик композиторлордун чыгармаларын аткарып беришти.

Эскерте кетсек, үч ай аралыгында өткөн сынакта Кыргызстандын атынан Кыргыз эл артисти Гүлнур Сатылганова мүчөлүк кылды.

Пикир

Оставить комментарий