• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Омбудсмен түштүк аймактын жашоочуларынын көйгөйүн көзөмөлүнө алды – Омбудсмен институту

Коом 0

Бишкек, 24-апрель /Кабар/. КР Омбудсмени Кубат Оторбаевдин өлкөнүн түштүк аймагына болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө жергиликтүү жашоочулардын укугун бузуу боюнча бир катар көйгөйлөр аныкталды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Институттун маалыматы боюнча, 24-апрелде К.Оторбаев Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Мады айылында Кыргызстандын аймагына көчүрүлгөн кайрылмандар – этникалык кыргыздар менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө кайрылмандардын көйгөйлөрү талкууланды, анын ичинде юридикалык документтерди, жарандык алуу, билим алуудагы жана медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүк жаатындагы көйгөйлөр айтылды.

“Жалпысынан Мады айылдык округунда 45 кайрылман үй-бүлө жашайт. Азыркы учурда жергиликтүү бийлик органдарына жер тилкесин алуу өтүнүчү менен кайрылмандар тарабынан 56 арыз жөнөтүлгөн. Жолугушуунун жыйынтыгында көйгөйлөрдү чечүү боюнча ушул жуманын аралыгында кайрылмандарды райондук администрациянын өкүлдөрү, прокуратура органдары жана башка тиешелүү органдар менен жолугушутуруу чечими кабыл алынды”,-деп айтылат басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Ошондой эле, К.Оторбаев Ош облусунун Араван районундагы №23 А.Тургунов атындагы мектеп-интернатындагы балдар менен жолугуп, аталган мекеменин шарттары менен таанышты.

“Белгилүү болгондой, аталган мектеп 1962-жылы курулган, ошондон тартып бир дагы жолу капиталдык оңдоо жүргүзүлгөн эмес. Мекемеде 264 окуучу тарбияланат. Алар ата-энеси иштеп келүү үчүн чет өлкөгө кеткен жана оор турмушта жашагандардын балдары. Бир балага күнүнө мамлекет тарабынан 60 сом гана бөлүнөт. Балдардын укугун коргоо максатында Омбудсмен институтунун кызматкерлери тарабынан аталган мекемеде мыйзам бузуулар тууралуу акт толтурулуп, тиешелүү органдарга билдирилди. Мындан тышкары, Араван районундагы мектептердин бирине дагы билим берүүдө укукту сактоого мониторинг жүргүзүлдү. Бул мектепте 550 окуучу окуйт. Мектеп 1987-жылы салынган. Ошондон бери мектеп жергиликтүү бийлик органдарынын тиешелүү көңүл буруусунан тышкары калган, ушуга байланыштуу азыркы учурда мектеп авариялык абалда турат”,-деп билдирди ведомстводон.

Омбудсмен балдардын коопсуздугу үчүн кабатырланып жатканын айтып, окуучуларды тез арада башка мекемеге көчүрүү маселесин чечүүнү талап кылды. Аныкталган мыйзам бузууларды жоюуну аткаруу К.Оторбаевдин жеке көзөмөлүнө алынды.

Пикир

Оставить комментарий