• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

"Омикрон" рекорддорду коюуда

COVID - 19 0

Дүйнөдө омикрон күч алды. Эпидемиянын кезектеги толкуну жете элек жерлерде омикронго каршылык көрсөтүү үчүн зор күч-аракеттер көрүлүүдө. Мындай жагдайда кайрадан эле эмдөө өзгөчө мааниге ээ болот жана эмделүүнү каалабаган жарандарга карата ар башка өлкөлөрдүн бийликтери катуу чараларды көрүүнү баштады.

Келе жаткан толкунду кантип токтотууга болот? Аны эч токтотууга болбойт. Аны баштан кечирүү керек жана эпидемияга каршы туруунун жана аз жоготуулар менен чыгуунун жалгыз жолу – бул эмдөө. Башка ыкмалары медицинага белгисиз. Адистер оору боюнча колоссалдуу сандарга карабастан, дал эмдөө аркылуу омикрон учурунда адам өлүмү өтө аз санда өсүп жатат деп эсептешүүдө. Мисалы, Улуу Британияда ооруга чалдыккан 142 миң адамдын ичинен 77си коронавирустан көз жумганы катталган.

Ошентип, аткаминерлер адамдарды ковидге каршы эмдөө алуу үчүн адамдарды ынандыруу, атүгүл мажбурлоо үчүн эмнелерди пландаштырышууда?

Өзбекстандын вице-премьери Азиз Абдухакимов Ташкенттеги кеңешменин жүрүшүндө “калк арасында эмдөө боюнча жалган документтерди алган учурлар бар. Алар өз өмүрүн, ден соолугун тобокелге салып жатканын түшүнүшпөйт. Жада калса эмдөө процесси да коррупцияга дуушар болуп жатканы мени тынчсыздандырат. Элге бир аз убакыт берели. Эгерде күтүлгөн жыйынтык болбосо, анда эмдөө милдеттүү болуп калат” деп билдирген.

Адистер “омикрон” улгайган жана клиникалык жактан аялуу бейтаптарга жетиши мүмкүн деп өзгөчө кооптонушат. Андыктан бардык жерде эле мамлекеттик органдар Өзбекстандагыдай эскертүү жана ынандыруу менен чектелбестен, эмдөө алууга барбагандарды катуу жазалоого бел байлаганы таң калыштуу эмес.

Квебек провинциясында Канададагы ковидден каза болгондордун эң көбү катталган. Квебектин жашоочуларынын 13%га жакыны гана эмдөөдөн өтпөгөн, бирок алар ковид менен ооруканага жаткырылгандардын дээрлик жарымын түзөт. Федералдык маалыматка ылайык, 1-январга карата провинциянын тургундарынын 85% вакцинанын жок дегенде бир дозасын алышкан. Франсуа Лего провинциянын премьер-министри маалымат жыйында вакцинанын биринчи дозасын албаган адамдар төлөм төлөөгө тийиштигин билдирди. Анын өлчөмү азырынча айтыла элек, бирок, анын айтымында, ал аз болбойт. Бул белгилүү бир курмандыктарга барган калктын 90%ына карата азыр адилеттүүлүк маселеси деп ойлойм, - деди Лего. – Мен биз алардын алдында милдеттүүбүз деп эсептейм”.

Квебек – эмделбегендерге айып салган дүйнөдөгү жалгыз аймак эмес. Январдын аягынан бери 60 жаштан жогору эмделбеген гректер айына 100 евродон айыппул төлөшөт, ал эми Сингапурда ковидке чалдыккан бейтаптар эмделбеген болсо, анда медициналык эсепти өздөрү төлөшөт.

Ал эми бир ири мамлекетте (эл аралык чуулганга жол бербөө үчүн атабай эле коелу, анткен менен расмий эмес булактардан көп сандаган ырастоолор бар) жыл башында карантинге жабылган шаарларында жашоочуларды атайын “карантиндик лагерлерге” ондоп алып барышууда. Эгерде соцтармактардагы сүрөттөргө ишене турган болсок, алардагы жашоо шарттары абактагыдан аз гана айырмаланат: жүк контейнерлериндей чоңдуктагы темир тосмолор, кичинекей керебет, ажаткана жана жуунгучу бар. Мында кармоо мөөнөтү эки жумага чейин болушу мүмкүн. “Карантиндик лагерлерге” түшпөй калган адамдардын эркиндиги да чектелген. Башында аларга азык-түлүк дүкөнүнө барууга уруксат берилген, бирок өткөн аптада бийлик талаптарды күчөттү, эми алар үйдөн ковид тестин тапшыруу үчүн гана чыга алышат. Коомчулуктун пикирлери, албетте, бийлик тарабынан көрүлүп жаткан чаралар боюнча экиге бөлүнөт, бирок абсолюттук көпчүлүк антиваксерлер деп аталгандарды кескин айыптайт. Ирландияда 15 жылдан бери жашап келе жаткан латвиялык аял мүмкүнчүлүк пайда болору менен дагы барып эмдөөдөн өткөн жана анын социалдык тармактагы билдирүүсүн дүйнөнүн бардык ЖМКлары келтиришүүдө: «СССР учурунда, алар туура кылышчу - бардыгын уюшкандыкта эмдешчү жана эч ким өлгөн эмес, бирок азыр ар ким өзүнө вирусолог болуп калганда, баары капыстан вакцинадан өлүп калуудан коркуп калышты. Адамдарга мынчалык көп эркиндиктин кереги жок, алар аны менен эмне кыларын билишпейт”.

Россияда акыры жүрүп жазалоочу чараларды колдонбоону чечишти. Президент Путиндин айтымында, калктын эмдөөнү туура кабыл алууларын жумшак күч менен жогорулатуу керек - "жарандарга коронавируска каршы эмдөөнүн зарылдыгын сабырдуулук жана сый мамиле менен түшүндүрүү кажет". Андан баш тартуу үчүн жоопкерчиликти киргизүү элибизди тыюулардан айланып өтүүнүн жолдорун ойлоп табууга гана түртөт жана бул тескери натыйжа берет деп эсептейт Владимир Путин. Бирок ынандыруу, россиялык дарыгерлер күбөлөндүргөндөй, жакшы натыйжа бербей жатат: “Эмдөө сертификатын сатып алган адам анын эмделбегенин эч ким билбейт деп үмүттөнөт. Ошондо өлүм алдында гана коронавирус каршы эмдөө албаганына өкүнөт”.

Чехиянын президенти Милош Земан жакында эле коронавируска каршы милдеттүү эмдөө киргизүүнү жактады: “Мен бул пандемияны токтотуунун эң оңой жолу экенине ишенем. Бизде бир катар башка ооруларга каршы милдеттүү эмдөө тажрыйбасы бар, ошондуктан бул тизмеге COVID-19 ду кошпой коюуга эч кандай себеп жок” , - деди президент.

Ал эми Австрия 2022-жылдын февраль айынан баштап 14 жаштан жогорку тургундар үчүн эмдөө милдеттүү болуп калат жана ошол эле күндөн тарта өлкө өкмөтү айыппул салууга даярданып жатат. Конституция министри Каролина Эдштадлердин айтымында, антиваксерлер үчүн айыппулдун өлчөмү 3600 евро чейин болот, ал эми башка булактардын маалыматы боюнча мыйзам бузгандар 7200 евро чейин айыппул төлөшөт. Бирок, чынында "жеңил жол тариф" да бар - 600 евро. Полиция коомдук жайларда жана дүкөндөрдө эмдөө кагаздарын текшерет. Ушул жумада шейшемби күнү эле өлкө боюнча 33 миңден ашык текшерүү жүргүзүлдү. “Биз эмдөө жарандык милдет деген так саясий белги берип жатабыз" деди Neos либералдык партиясы. Бийликтин каардуу билдирүүлөрү иш жүзүндө бекемделет: омикрондун жайылышына байланыштуу Австрия жетекчилиги Европадагы эң катаал чаралардын бири болгон антиковид чараларын бекем колдойт, андан тышкары, жаңыларын киргизүүдө. Демек, эки метр аралыкты сактоого мүмкүн болбосо, көчөдө да жогорку деңгээлдеги коргоочу беткаптарды тагынып жүрүү милдеттендирилет.

Германиянын өкмөтү калктын 80 пайызы эмдөөдөн өтүшү керек болгон мөөнөттү январдын аягына чейин узартты. Буга чейин өлкө жашоочуларынын 74 пайызга жакыны вакцинанын биринчи дозасын алышкан жана 7-январга чейин мурда пландаштырылгандай дагы 5,3 млн жетишпей калган эмдөөлөр жасалган жок. Ушуга байланыштуу Бундестаг милдеттүү эмдөө маселесин карай турган болду. Немис маалымат каражаттары жазгандай, сурамжылоолор немистердин басымдуу бөлүгү колдой турганын, бирок макул болбогондордун аз бөлүгү баш тартууга ниеттенбей турганын жана мындан ары да каршы чыгууну уланта берерин көрсөтүүдө.

Бир сөз менен айтканда, жазалоо чараларын күчөтүү багытындагы бийликтин кыймылы бардык жерде байкалууда. Ал эми репрессиялык маанайдын басымдуу болушунун себеби айкын: “Омикрон” рекорддорду жаратууда. Евроньюс Франция омикрон штаммынын тездик менен жайылышы менен шартталган коронавирусту жуктургандардын саны боюнча Европа өлкөлөрүнүн арасында лидер болгонун билдирди. Акыркы сутка ичинде бул жерде 360 000 ден ашуун жаңы учур катталды. Франциянын саламаттык сактоо министри Оливье Верандын айтымында, ооруну баары эле оңой көтөрө бербейт:

– Кризис башталгандан бери биз мындай көрсөткүчтөрдү көрө элек болчубуз. Чыныгы толкун – илдетти жугузгандардын саны ушунчалык көп. 22 000 адам ковид менен ооруканага жаткырылды, алардын ичинде 3900 абалы оор же реанимацияда жатышат.

Жаңы учурлардын рекорддук саны Италияда дагы белгиленди – бир суткада 220 000ден ашуун адам инфекцияны жугузуп алганы аныкталган, бир күн мурдагыга караганда эки эсе көп. Дарыгерлер өлкө жашоочуларын эмдөө алууга чакырып, эпидемиянын шарттарында эмделбегендер кыйла аярлуу экендигин белгилешүүдө.

– Вакцина – бул биздеги активдүү курал, ал инфекцияны жугузгандар үчүн саламаттыгына эң аз зыян келерине кепилдик берет, - деп түшүндүрөт Кремон шаарынын ооруканасынын интенсивдүү терапия бөлүмүнүн башчысы Энрико Стори. – Мындан тышкары вакцина алгандар арасында ооруканаларга жаткырылгандар кыйла аз жана интенсивдүү терапия бөлүмдөрүнө да көп түшүшпөйт.

Коронавирустун ыкчам жайылуусу Түркияда да байкалууда – суткасына ооруну жугузгандардын саны 74000 ашык. Ошол эле учурда декабрдын аягында мында күн сайын 20 миңдей учур катталып турган. Саламаттык сактоо министри мындай кырдаал жакынкы бир нече жума бою сакталарын эскертип, эмдөөдөн өтө элек бардык жарандарды эмделүүгө чакырды.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму омикронду кооптуу эмес деп эсептебөөгө чакырат. Бул варианттын белгилери анча оор эмес, бирок анын өтө тездик менен жайылуусу ДССУнун пикиринде дүйнө жүзү боюнча миңдеген адамдардын өлүмүнө алып келиши мүмкүн. ДССУнун баш катчысы Тедрос Адхан Гебрейесустун айтымында, “омикрон, өзгөчө эмдөө алгандар үчүн дельтадай коркунучтуу көрүнбөсө да, бул аны коркунучтуу эмес деп эсептөөгө болорун билдирбейт. Омикрон ооруканага алып барат жана өлтүрөт. Жаңы учурлардын цунамилери ушунчалык зор жана ушунчалык тездик менен жайылып, дүйнө жүзү боюнча саламаттык сактоо системаларын каптап жатат”.

Пикир

Оставить комментарий