• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Омикрон” штаммы “дельтага” караганда 4,2 эсе тез тарайт

COVID - 19 0

Бишкек, 12.01.22. /Кабар/. Омикрон — бул COVID-19 оорусуна алып келген вирустун жаңы штаммы экендигин Республикалык штабдан билдиришти.

“Омикрон” штаммынын Дельтадан” айырмасы:

- мутациясы көп (башкача айтканда, белокто 32ге чейин өзгөрүүнүн болушу)

- жогорку жугуштуулугу, адамдар көп болгон имараттарда жуктуруп алуу ыктымалдыгы жогорулайт. ⠀

Япониялык окумуштуулардын айтымында, “омикрон” дельтага караганда 4,2 эсе тез тарайт.

Социалдык аралыкты сактоо жана беткапты колдонуу вирусту жугузуу ыктымалдыгын азайтат, бирок, өзгөчө оорулуу адам менен бир бөлмөдө узак убакыт байланышта болуу толук жокко чыгарбайт.

Жаңы штаммдын белгилери:

Оорунун белгилери демейде жугузуп алгандан кийин 3-6 күндөн кийин билине баштайт. Бирок, жугузуунун жана жайылуунун жогорку ылдамдыгын эске алганда, байланыш болгондон кийинки күнү же бир күндөн кийин белгилеринин пайда болуу ыктымалдыгы жогору. ⠀

Инкубациялык мезгил — бул адам вирусту жугузуп алган, бирок оорунун клиникалык белгилери али билине элек мезгил.

Пикир

Оставить комментарий