• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Омикрон: дүйнөдө абал кандай

COVID - 19 0

ДССУнун маалыматтары боюнча, дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясынын 332 617 707 учуру катталды, ковидди жугузуунун 72%ы “омикронго” туура келет. Кайрадан антирекорд коюлду, акыркы 24 саатта ооругандардын саны 3 млн 729 миң адамга өстү. Жана эпидемиянын жайылуу темпинин өсүшүндө көптөгөн өлкөлөрдүн санитардык чараларды күчөтүп, эмделбегендерге карата катаал айыппулдарды жана санкцияларды киргизип жатышканы таң каларлык деле эмес.

Өткөн жылдын күзүндө Түркмөнстандын жарандык коомчулугу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна бийликти өлкөдөгү COVID-19 эпидемиясын таанууга мажбурлоо өтүнүчү менен кайрылган. Жакында адаттан тыш бир окуя болду: коронавирус жоктугун айтууну улантып жаткан мамлекетте катаал карантин киргизилди. Бардык кийим-кече базарлары, соода борборлору, театрлар, концерттик залдар, ресторандар, чач тарачтар жана башка тейлөө тармагындагы ишканалар жабылды. Азык-түлүк дүкөндөрү гана иштеп жатат. Чектеш аймактардын жашоочуларына 1-февралга чейин облустук борборлорго, башка райондорго жана облустарга барууну жана келүүнү чектөө тууралуу эскертүү берилди. Ал арада ЖМКлар COVID-19 өлкөдө көптөн бери эле бар экени, андан бир топ адамдар каза болгону тууралуу жазышууда. Азаттык радиосунун Түркмөн кызматы өткөн жылдын октябрында Саламаттык сактоо министрлигиндеги булактарга шилтеме кылып, 2020-жылы эпидемия башталгандан бери Түркмөнстанда коронавирустан 25 миң адам каза болгонун билдирген.

Өзбекстанда мектептер жана ЖОЖдор 24-февралга чейин онлайн окутууга өтүшүүдө. Жер-жерлерде рейддер жүрүүдө. ӨзА борбор шаардык саламаттык сактоо башкармагынын атайын жумушчу тобу жеке компанияларда жана бюджеттик уюмдарда 1200 ашык эмдөөдөн өтпөгөн кызматкерлерди аныктаганын маалымдайт. Белгиленгендей, текшерүүдөн кийин жумуштан убактылуу 1044 кызматкер четтетилип, дагы 200нө айып салынган, ал эми бир объекттин ишмердүүлүгү убактылуу токтотулган. Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги жумуш берүүчүлөрдү өз кызматкерлерин 20-январга чейин эмдөөдөн өткөрүүгө чакырып, эмделбеген жарандар ишке киргизилбей турганы тууралуу эскерткен.

Россияда кийинки жумада өкмөт тарабынан иштелип чыккан "омикрон" штаммынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча план талкууланмакчы. Ал президент Владимир Путинге сунушталган. Бирок россиялык аймактык жергиликтүү бийликтер борбордун көрсөтмөсүн күтпөстөн, азыртан эле чектөө чараларын киргизүүнү башташты.

Москвада шаар мэри Собянин “омикрон” “дельтаны” дээрлик жок кылып, басымдуулук көрсөтөрүн билдирди. Коронавирус боюнча чектөөлөрдү борбордун бийлиги 2022-жылдын 1-апрелине чейин узарта турганы жарыяланган. Мэрдин жарлыгында айтылгандай, улгайган адамдар үчүн үйдө болуу режими күчүндө калды. Сергей Собянин ооругандар үчүн өз алдынча обочолонуу режимин узартып, компаниялардын кызматкерлеринин кеминде 30% аралыктан иштетүүнү талап кылды. Ошону менен катар шаар башчы иш берүүчүлөрдү кызматчылардын басымдуу бөлүгүн аралыктан иштөө режимине өткөрүүгө чакырды. “Биз башка чектөөлөрдү медицина тутумунун жүктөмүнө жараша кырдаалга байланыштуу пландаштырабыз”, - деп белгиледи Собянин.

Крымда 24-январдан тартып улгайган адамдардын өз алдынча обочолонуу режимин кайрадан киргизишет. “Адам өмүрүнө жана саламаттыгына тикелей коркунуч жараткан учурлардан” тышкары бардык шартта. Ошондой эле жашаган үйүнөн коронавируска каршы эмдөө алууга, “жакын жердеги товар сатып алуу, тейлөө жайларына” барып келүүгө жана таштанды ыргытуу үчүн чыгууга уруксат берилет.

Коронавирус илдетине чалдыгуу боюнча антирекорддор акыркы суткада Францияда, Сербияда, Молдавияда катталган. COVID-19 менен ооругандардын көбөйүшүнө жана омикрон штаммынын жайылышына байланыштуу европа өлкөлөрүнүн бийликтери жаңы санитардык чектөөлөрдү киргизип жана жарыя кылышууда. Евроньюс билдиргендей, бул ирет кеп тигил же бул себептерден улам коронавируска каршы эмделбегендерге же эмдөөнү тиешелүү түрдө өлкөдө иштеп жаткан эрежелерге ылайык тариздебегендерге карата кысымдын күчөшү тууралуу болуп жатат.

Франциянын Улуттук жыйыны санитардык уруксат кагаздары тутумун күчтөндүрүү тууралуу мыйзам кабыл алды: мындан ары коронавируска каршы толук эмделгендер гана кафе, ресторан, музей, театр жана киного баруу, ошондой эле шаарлар аралык сапарлар үчүн зарыл болгон сертификатты ала алышат. Башкача айтканда, санитардык уруксат кагаз эмдөө тууралуу болуп калды. Ал арада президент Эммануэль Макрон эмделбегендердин баарын “тажатып”, эгерде эмдөө алууну каалашпаса, анда алардын жашоосун татаалдаштыруу ниети тууралуу өзүнүн айткандарынан уялбастыгын билдирди. “Менин айткандарым кимдир бирөөгө жаккан жок, бирок мен бул үчүн жоопкерчиликти өзүмө алам, мен тынчымды алган – бул биз туш болгон азыркы кырдаал. Өлкөдө ажырым келип чыгууда, анда айрымдар өздөрүнүн жоопкерчиликсиздикке айланган эркиндигин туу катары булгалап жатышат. Алар бөтөн адамдардын өмүрүнө коркунуч гана келтирбестен, башкалардын эркиндиктерин дагы чектешүүдө. Мен муну кабыл ала албайм”, - деп эсептейт Франциянын лидери.

Германия барлар жана ресторандарга баргандарга чектөөлөрдү күчөтүүдө, алардан кирип келе жатканда толук эмдөө, ошондой эле коронавируска тесттин терс жыйынтыгы тууралуу маалым катты көрсөтүү талап кылынат.

Кыйла катуу чектөөлөрдү Исландияда да киргизишүүдө, мында оорунун омикрон аркылуу козголгон бешинчи толкуну белгиленди. Мында 2-февралга чейин он адамдан ашык чогулууга болбойт, бардык барлар жабык болот.

Португалияда алдыдагы жалпы шайлоодо шайлоо тилкелеринде иштегендердин бардыгына бустердик эмдөө жасала баштады. Эми юстиция органдары илдетти жугузган же обочолонуудагы шайлоочулар добуш берүүгө киргизилерин же жоктугун чечиши керек. Өлкөдө жашоочулардын дээрлик 90%ы эмделип, 36%дан ашыгы үч жолу эмделген шартта да жогорудагыдай чаралар көрүлүүдө.

Нидерландда 19-декабрдан тартып "омикрон" штаммынын жайылышынан улам Европадагы эң катаал чектөө чаралары киргизилди. Бешинчи жолку локдаун киргизилип, мектептер, ресторандар, барлар, биринчи зарылдыктагы эмес дүкөндөр, театрлар, кинотеатрлар жана музейлер жабылган. Бийлик миңдеген адамдардын каршылык акциялары уланып жатканына жана каршы чыккандардын полиция менен кагылышууларына карабастан, чектөөлөрдү алуудан баш тартууда.

Каршылык акциялар Италиянын борборунда да өтүп жатат. Мында адамдар көпчүлүк коомдук жайларга баруу үчүн Super Green Pass (эмделген же ковид менен ооруп айыккан адамдын сертификаты) талап кылынып жатканына нааразы. Ансыз ресторандарга (анын ичинде мейманканалардагы жана ачык асман алдындагы жайлардын коомдук тамактануу жайларына) киргизишпейт, отелдерге кабыл алышпайт, фуникулер, канаттык жолдор, жабык жана ачык бассейиндердин, SPA жана ден соолукту чыңдоочу борборлордун кызматтарын пайдаланууга болбойт. Сертификатсыз ишкердик иш-чараларга катышууга, коомдук унааларда жүрүүгө (ички аба каттамдары, поезд, автобус, паром жана жергиликтүү/аймактык унаалар), музейлерге, театрларга жана стадиондорго кирүүгө тыюу салынган.

Грециянын өкмөтү коронавируска каршы вакцинанын жок дегенде бир дозасын албаган жашы 60тан жогору адамдарга ай сайын төлөөчү айыппул киргизген. Санкциялар миңдеген гректерге коркунуч туудурат. Өлкөдө мындай эрежелер орнотулганга чейин эмдөөдөн оорукананын кызматкерлери гана өтүүгө тийиш болчу, баш тарткандар акчалай компенсациясыз үйдө отурууга аргасыз болушкан. “60 жаштан ашкан жүз миңдеген адамдар дагы эле вакцина ала элек”, - дейт премьер-министр Кириакос Мицотакис. Анын айтымында, COVID-19ден көз жумгандардын көпчүлүгү, ошондой эле жасалма дем алдыруучу жабдууга кошулган бейтаптардын басымдуу бөлүгү ушул курактагы адамдар. Өкмөттүн чечимине ылайык вакцинанын жок дегенде бир дозасын албаган же кур дегенде эмдөө алууга жазылбаган жарандарга ай сайын 100 евродон айыппул салуу коркунучу бар, бул сумма автоматтык түрдө салык кызматы тарабынан кармалып турат: мындай шартта топтолгон акчалар мамлекеттик ооруканаларды каржылоого жумшалат.

Гректерге караганда Австриянын ыкмасы катаалдыгы менен айырмаланат. Австриянын канцлери Карл Нехаммер өлкөнүн бардык улуу курактагы жашоочулары үчүн коронавируска каршы эмдөөнү милдеттендирүүнү убада кылды. Медициналык каршы көрсөтмөсү жок эмделбегендерге 600 евродон 3600 еврого чейинки айыппул салынат. Өкмөт башчынын айтымында, ириде бардык каалоочулар эмдөөдөн өтүүгө жетишип калуусу үчүн өткөөл мезгил болмокчу. Андан соң бийлик эмделбегендерди системалык издөөнү уюштурат.

Канададагы Квебекте эмдөө албагандарга алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салышты, эми алар сертификатсыз дүкөнгө дагы кире алышпайт. Дүкөндөрдүн кызматкерлери аларды күзөт менен камсыздоону талап кылышууда. Провинциянын бийлиги эмдөөдөн өтпөгөндөрдөн саламаттык салыгын төлөтүүнү пландап жатышат, мыйзам долбоору жакында Улуттук ассамблеяда талкууланат. ЖМКлар маалымдагандай, жакынкы күндөрү биринчи зарылдыктагы эмес товарлар сатылган дүкөндөргө жана супермаркеттерге барууга тыюу салынмакчы. Мындай жол менен өкмөт саламаттык сактоо тутумунун жүктөмүн азайтууга аракеттенүүдө, анткени ковид менен ооруканаларга түшкөндөрдүн жарымынан көбү эмдөө албагандар.

Өткөн жылы сентябрдын аягында ДССУ SARS-CoV-2ден өлүмдөрдүн профилактикалык иммундоодон баш тартуу менен байланышы тууралуу билдирүү жасашкан. Бул бүтүмдүн тууралыгын чехиялык жаран Хоркинин аянычтуу окуясы айкын ырастайт.

Чехияда белгилүү Asonance чех фолк-тобунун ырчысы Ханка Хорка коронавирустан көз жумган. Ырчы айым эмдөөгө каршы чыккандардын бири болгон жана табигый иммунитетке жетишүү үчүн атайылап ооруну жугузуп алган. Бул тууралуу 18-январда Daily Mail гезити жазып чыкты. “Ханка Хорка Рождество майрамынын алдында эмдөөдөн өткөн күйөөсү жана уулу илдетти жугузуп алган соң, өзүн ыктыярдуу түрдө вирустун таасирине дуушар кылгандан кийин жекшембиде каза болгон”, - деп жазат басылма.

Европа биримдигинин бардык өлкөлөрүндө маданий жана спорттук объекттерге кирүү, сапарлар жана ресторандарга баруу үчүн эмдөөгө ырастама керек. Бирок коронавирус менен ооруп айыгып, зарыл болгон антителолор пайда болгон болсо, сертификаттын кереги жок. Хорка ушул ыкманы колдонууну чечкен.

Ырчынын уулу Ян Ректин айтымында, ал коронавирустук чектөөлөрсүз “кадимкидей жашоону” тандаган жана эмдөө алгандын ордуна ооруну артык тапкан. Көз жумардан эки күн мурда ал үй-бүлөсү менен деңизге баруу пландары менен бөлүшкөн. “Мен жашап кеттим, бул оор болду. Эми театр, сауна, концерт жана деңизге карай сапар болот”, - деп жазган ал акыркы билдирүүсүндө. Ырчы айыктым деген ойдо тышка эс алууга чыккан, бирок далысы ооруй баштагандыктан үйүнө кайтат. Көп өтпөй ал өз төшөгүндө тумчугуп көз жумат. Хорканын баласы энесинин өлүмүнө эмдөөгө каршы чыккандарды айыптады. Анын пикиринде, эмдөөгө каршылардын жергиликтүү кыймылы “Ханканын башын айлантып коюшкан”, ушундан улам ал эмдөөгө баруудан баш тартып койгон. Натыйжада ырчы “өз үй-бүлөсүнө караганда, бөтөн адамдарга көп ишенди” деп билдирген ал.

Акыркы убакта ЖМКларда омикрон жеңил өтөрү, ал тургай ал эмдөөнүн да ордун басып кетиши тууралуу жазган авторлордун көптөгөн маалыматтары чыгып жатат. Ал арада ар кыл өлкөлөрдүн алдынкы медициналык адистери мындай бүтүмдөрдү чыгарууга эрте экенин, жай отурууга азырынча убакыт келе электигин эскертишүүдө. Омикрон экиден беш жашка чейинки балдар үчүн кооптуу экендигин РФ Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана адам керектөөсүн көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматы билдирди: бул курактагы балдарда COVID жогорку дем алуу органдарын жана бронхаларды жабыркатуу менен өтөт, мындан тышкары, омикрондо аларда бронхиолит учурлары аныктала баштады, мында ооруканага жаткыруу талап кылынат.

“Иммунитети начар адамдарда "омикрон" штаммын жуктуруп алганда оору оор өтүшү мүмкүн”, деп эскертет Гамалея атындагы Эпидемиология жана микробиология илим-изилдөө борборунун директору Александр Гинцбург. Анын айтымында, бул чанда өтөрү тууралуу ырастоого болбойт. “Статистикалык маалыматтар боюнча чанда, бирок бул калкынын 60-80 пайызы эмделген европа өлкөлөрүнүн маалыматтары. Бизде эмдөөдөн өткөндөр али аз, ошондуктан эмделбегендер ооруну кыйын көтөрүшү мүмкүн”.

Дүйнө жүзү ковид менен эки жылдан бери күрөшүп келет. Эки жылдан бери ар башка өлкөлөрдө илдетти алдын алуунун жана дарылоонун натыйжалуу ыкмаларын иштеп чыгуунун үстүндө миңдеген адистер иштеп жатышат. Ал эми азырынча COVID менен күрөштө башкы курал баштагыдай эле эмдөө саналат, ошондуктан көптөгөн мамлекеттерде киргизилип жаткан чектөөлөрдүн, айыптардын, санкциялардын максаты бир – болушунча көп сандагы адамдарды эмдөө алууга ынандыруу.

Пикир

Оставить комментарий