• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

«Омикронду» оюнчук көрбөйлү

COVID - 19 0

Учурда дүйнө жүзү боюнча омикрон штаммы күч алып, кезектеги эпидемиянын толкуну жете элек өлкөлөр болуп турат. Муну эске алып, азыр айрым өлкөлөрдө эмдөөнү каалабагандарга катуу чаралар да көрүлө баштады.

Албетте, бул толкунду кан буугандай токтотуп коюу мүмкүн эмес. Аны жеңил өткөрүүнүн бирден бир жолу бул – эмделүү. Адистердин айтымдарында, эмделүүнүн аркасында Англияда 142 миң оорулуунун 77си гана көз жумган. Бул жагынан алганда коронавируска каршы вакцина алуу боюнча жасалма документ алуу – бул өз өмүрүңдү тобокелчиликке коюу менен барабар. Ошондой эле бул штамм тез тарагандыктан, дарыгерлерде “Омикрондун” улгайган адамдарга, өнөкөт оорулууларга залакасы көбүрөөк тийип калышы мүмкүн деген санаркоо бар. Андыктан ар бир адам улгайган, оорулуу жакындарына карата да жоопкерчиликтүү болушу керек.

Мисалы, Канаданын 13 пайыз калкы гана эмделбей калган Квебек провинциясында коронавирустан көз жумгандар көп болгон. А ооруканага жаткандардын жарымы так ошол коронавируска каршы эмделбегендер болуп чыккан. Ошол себептен бул провинцияда эмдөөнүн биринчи дозасын албагандарга мамлекет взнос төлөтүү тартибин киргизүүнү карап жатышат. Ал эми Грецияда 60 жаштан ашкандар вакцина албаса айына 100 евро айып пул төлөшөт. Сингапурда вакцина албагандар ооруп калса өз каражатынан медициналык төлөмдөрдү төлөөгө милдеттүү.

Россия болсо эмделүүдөн качкандарга катуу чараларды колдонууга барбай, элге сылык түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тандап алган. Бирок, өлкө башчысы Владимир Путин өз сөзүндө вакцина алгандыгы тууралуу маалымдаманы сатып алган адам өлөр алдында эмделбегенине өкүнүп каларын баса белгиледи. Ошондой эле Чехиянын президенти Милош Земан жакында коронавируска каршы эмдөөнү милдеттүү түрдө алуучу вакциналар тизмегине киргизерин жар салды. Австрияда болсо өкмөт февраль айынан тарта 14 жаштан жогоркуларды вакцина алууга милдеттендире турган болду. Эмделбегендер болсо ушул күндөн тарта 7 200 евро айып пул төлөөгө аргасыз болот. Өлкө полициясы ушул эле жумада коомдук жайларда жана дүкөндөрдө 33 миңден ашык адамдардын вакциналык документтерин текшерип чыгышкан. Ошондой эле омикрондун таралышы менен австриялык жетекчилик антикоронавирустук чараларды колдоп, жаңыларын да киргизүүгө каршы болгон эмес. Бул өлкөдө мындан ары адам көп көчөлөрдө бет кап тагынуу милдеттүү болуп калды.

Эмделүүнүн олуттуулугун жана пайдалуулугун эске алып Германия январь айынын аягына чейин калктын 80 пайызы эмделиши керек деген талап койду. Бирок, бул өлкөдө калктын 74 пайызы вакцинанын биринчи дозасын алып бүткөн. Эми калктын калган бөлүгүн да Германия эмдөө аракетин көрүп жаткан учуру. Евроньюстун билдиришинче, омикрон штаммынын тез таралышынан улам Франция коронавирус жугузгандардын саны боюнча Европа өлкөлөрүнүн алдыңкысы болуп турат. Акыркы суткаларда бул өлкөдө 360 миң оорулуу катталган. Франциянын саламаттык сактоо министри Оливье Верандын айтымында жугузгандардын баары эле штаммды жеңил кабыл алып жатышпаптыр. “Кризистин башталышынан бери мындай көрсөткүчтөрдү көргөн эмеспиз. Бүгүнкү күндө 22 миң адам ковид менен ооруканага жатса, алардын 3900ү өтө оор акыбалда.

Италияда да азыр акыбал өтө оор. Бул жерде учурда суткасына 220 миң адамдан коронавирус табылып, дарыгерлер элди болушунча эртерээк эмдөө алууга чакырышууда. “Италиянын Кремон шаарынын интенсивдүү терапия ооруканасынын бөлүм башчысы Энрико Стори “вакцина – бул активдүү инструмент, ал эмделген адамдын ден соолугуна келүүчү зыяндарды азайтат. Ошондой эле эмделген адам оңой менен ооруканага жатып калбайт”,-деген билдирүү тараткан. Ошондой эле учурда коронавирустун тез таралышы Түркия мамлекетинде байкалып, суткасына 74 миң адам катталып жатат. Декабрь айынын аягында бул өлкөдө күнүгө 20 миң адам бул илдетти жугузуп алып жатканы маалым болгон. Түркиянын Саламаттык сактоо министри мындай акыбал жакынкы жумаларда сакталып турарын айтып, элди тез арада вакцина алууга чакырды.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму болсо омикронду оюнчук көрбөй, ага да олуттуу маани берүүгө чакырып жатат. ДССУнун башкы катчысы Тедрос Адхан Гебрейесустун айтымында, омикрон дельта штамммындай кооптуу болбогону менен оорулууну ооруканага жеткирип, өлүмгө дуушар кылып коюп жатат. “Бул оору цунамиси өтө чоң жана тез болгондуктан дүйнө жүзү боюнча саламаттык сактоо системасын муунтуп коюп жатат”,- дейт ал.

Ошондуктан кыргызстандыктр дагы буга олуттуу мамиле кылып, өз эркибиз менен эле вакцина алып койгонубуз учур талабы болуп турат. Бекеринен "Кудай сактаганды сактайт" деп айтылбаса керек элибизде.

Булак: Кыргыз Туусу

Пикир

Оставить комментарий