• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Омикронду жуктуруунун алгачкы белгилеринде дарылануу тууралуу дарыгердин кеңеши

COVID - 19 0

Бишкек, 26.01.22. /Кабар/. №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун отоларинголог дарыгери Майрам Жумалиева калк кандай белгилер менен көп кайрылып жатканы тууралуу айтып берди.

Бүгүнкү күндө илдетти, анын ичинде омикронду жугузгандардын саны өсүүдө. Омикрон штаммы тез таралышы менен айырмаланары белгилүү. Эгерде үй-бүлөдө бир адам ооруса, анда вирус үйдөгүлөрдүн дээрлик бардыгына жугат.

Вирустун негизги белгилери кандай?

Көбүнчө катуу тамак оору, тамактын кычышуусу, тамактын кургоосу, кургак жөтөл, муундардын катуу оорушу, баш жана белдин оорусун айтышууда. Өз алдынча дарыланууга болбойт, бул белгилердин баарына ооруну басаңдатуучу дары жардам бербейт. Бардык эле адамдардын дене табы көтөрүлгөн жок, бирок начар интоксикация жүрүүдө.

Эгерде дене табыңыз көтөрүлсө, аны түшүрүүгө же антибиотиктерди ичүүгө шашылбаңыз. Бул туура эмес. Анткени вирус сиздин организмге киргенде организм дене табынын көтөрүлүшү же лимфа түйүндөрүнүн кеңейиши аркылуу коргоно баштайт. Бул туура реакция болуп саналат. Вирусту жеңүү үчүн белгилери боюнча дарыланууну баштоо керек. Мисалы, мурун бүтсө, азыраак туздун аралашмасын даярдап, мурунду жууш керек. Тамак үчүн сода аралашмасын, чөптөрдүн кайнатмаларын (календула, ромашка) колдонууга же алардын аралашмасын жасап чайкоого болот (1 аш кашык чөпкө 1 стакан кайнак суу куюп, демдеп, 5-10 мүнөттөн кийин чыпкалап, жылуу аралашма менен күнүнө 3-4 жолу тамакты чайкап туруу). Ошондой эле фурацилинди (майдаланган же 1-2 таблетка) 200 мл кайнатып муздатылган сууга эритип колдонууга болот.

Тамактын кургак болушу жана кычышуусу жутуу учурунда катуу оорутушу мүмкүн, ошондуктан ооруну басуучу таблеткаларды же спрейлерди колдонууга болот.

Белгилей кетсек, омикрондо муундар катуу ооруйт. Интоксикация узакка созулат, кээде бул антибиотиктерди ичүүгө байланыштуу. Эгерде дене табы 3-4 күн бою түшпөсө жана кармалып турса, абал начарласа, дароо дарыгерге кайрылып, туура дарылоону баштоого чакырам.

Кандай сунуштамаларды кармануу керек?

Суюктукту көп ичүү (дененин 1 кг салмагына 30 мл), ооруп жаткан тамакты жабыркатып албаш үчүн өтө ысыкты ичпеңиздер. Жатпаңыздар, анткени кыймыл аз болуп, жатып алганыбызда жана сууну аз ичкенибизде туруп калуу процесси жүрөт – бул жаман. Кыймылдуу болуу керек.

Жаңы “омикрон” штаммынын жогорку жугуштуулугун түшүнүү абдан маанилүү, ошондуктан алдын алуу чараларын сактоо керек – бул коомдук жайларда маска тагынуу, колду таза жууп жүрүү жана албетте эмдөөдөн өтүү!

Жөнөкөй эле коопсуздук чараларын сактоо менен Сиз өзүңүздүн гана эмес, жакындарыңыздын да коопсуздугун камсыздап жатканыңызды унутпаңыз.

Пикир

Оставить комментарий