• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Омикрондун бардык белгилери бар болсо дагы эмне үчүн ПЧР-анализ терс жыйынтык көрсөтөт?

COVID - 19 0

Бишкек, 10.02.22. /Кабар/. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, коронавирустун "омикрон" штаммынын бардык белгилери бар болсо дагы ПЧР-анализдин жыйынтыгы терс болсо, бул анализ туура эмес алынгандыгын билдирет. Тагыраагы, же материал жетиштүү көлөмдө алынган эмес, же туура эмес учурда алынган.

"Омикрон" штаммы мурун көңдөйүнөн өтө тез кетип калышы мүмкүн, ошондо тест аркылуу аныкталбай калат. Бирок адам ошол эле учурда ооруп жана илдетти башкаларга жугузушу мүмкүн.

Ошондуктан беткап тагынуу, аралыкты сактоо, антисептиктерди колдонуу жана коронавирустун алгачкы белгилери байкалганда обочолонуу маанилүү. Оору жеңил өткөн шартта үй-бүлөлүк дарыгерден кеңеш алып, үйдөн дарыланууга болот.

Ошондой эле коронавирус инфекциясынын белгилери курч респиратордук жугуштуу инфекциялардын жана сасык тумоонун белгилерине окшоштугун эстен чыгарбоо кажет. "Омикрон" штаммда мурундун бүтүшү, тамак оору, дене табынын бир аз көтөрүлүшү, дененин талыкшып оорусу байкалат, бул курч респиратордук жугуштуу инфекцияларга да мүнөздүү.

Пикир

Оставить комментарий