• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ондогон жүргүнчүлөр Ашхабад-Стамбул каттамына кое берилген жок

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

БИШКЕК, 24.08.17. /Кабар/. Түркмөнстанда Ашхабаддан Стамбулга сапар алган кеминде 20дай киши аэропорттон өткөрүлгөн эмес.

Аэропорттун миграциялык кызматынын өкүлдөрү эч бир түшүндүрмө бербестен, каттамдан калтырылган жүргүнчүлөрдү үйлөрүнө жөнөткөн. WhatsApp аркылуу "Азаттыктын" түркмөн кызматына келген маалымат боюнча алардын билет чыгымдары төлөнүп берилген эмес.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы бул маалыматты тактай алган жок.

Жүргүнчүлөрдү орто жолдон артка кайтаруу учуру биринчи жолу болуп жаткан жок. Августтун ортосунда Стамбулга жол алган бир нече киши Ашхабад аэропортунда суракка алынган. Жүргүнчүлөрдүн банк карталары текшерилип, эгер чет өлкөдө карталарынан акча алышса, жоопкерчиликке тартылышары эскертилген

Пикир

Оставить комментарий