• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Онкологиялык оорулуу балдардын Дүйнөлүк балдар оюндарына катышуусу үчүн 650 миң сом бөлүнгөн

Коом 0

Бишкек, 09.08.18./Кабар/. Онкологиялык жактан оорулуу балдардын Дүйнөлүк балдар оюндарына катышуусу үчүн 650 миң сом бөлүнгөн. Бул тууралуу “Помогать легко” фондунун директору Динара Аляева “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынынын жүрүшүндө билдирди.

Буга чейин айтылгандай, акчаны президент Сооронбай Жээнбеков жана мурдагы премьер-министр Сапар Исаков бөлүп берген. Директор белгилегендей, Дүйнөлүк жеңүүчүлөр оюндары 9-ирет өткөрүлдү. Балдар келерки жылы дагы катышкысы келгенин айтышты.

“Бир командага 20 адамга чейин кошууга болот. Балдар спорттун 6 түрү боюнча катышат. Бул мелдештер аябай олуттуу өттү. Эл аралык деңгээлдеги калыстар тобу оюнду баалашты. Мисалы, Кыргызстандан барган Актан Омырбеков жаа атуу боюнча мелдешке катышып, 50дөн 47 упай алган. Бирок ага байгелүү орунду беришкен жок”, - деди Аляева.

Пикир

Оставить комментарий