• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Онкологиялык оорусу бар адамдар COVID-19га каршы эмдөөдөн өтсө болобу? Дарыгердин жообу

Ден соолук 0

Бишкек, 08.07.21. /Кабар/. Улуттук онкология жана гематология борборунун директорунун клиникалык иш боюнча орун басары Сүйүтбек Дөөлөтбеков бүгүн маалымат жыйынында онкологиялык оорусу бар адамдар COVID-19га каршы вакцина алууга болору же болбосу тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, онкологиялык оорулары бар адамдарда коронавирустук инфекциянын оор өтүшү жана өлүмгө учуроо коркунучу башкаларга караганда 2 эсе жогору. “Онкологиялык бейтаптардын COVID-19дан эмделүүсү тууралуу сунуштамаларды бере ала турган изилдөөлөрдүн азырынча жогу өкүнүчтүү. Бирок, онкология менен жабыркаган бейтаптардын арасында коронавирустук инфекциясынын оор өтүшү жана өлүмгө дуушар болгон учурлардын жогору болушунун негизинде эмдөө зарыл”, - деди Дөөлөтбеков

Ал белгилегендей, бир нече жыл мурун дарыланган жана азыркы убакытта оору ремиссияда болгон онкологиялык бейтаптар өзүлөрүнүн дарыгери менен кеңешип эмдөөдөн өтсө болот.

“Бирок, бейтаптардын экинчи тобу азыркы убакта шишикке каршы дарылоого зарыл болгондор (химиотерапия, нурдуу дарылоо, операция) алардын иммундук тутумду бир далай алсыз болушу мүмкүн. Андай учурда вирустук инфекциянын татаалыраак өтүү мүмкүндүгү бар, башка жагынан – эмдөөнүн төмөн натыйжалуулугуна кабылуусу мүмкүн.

Кандай болбосун, мындай бейтаптарды потенциалдуу пайданын жана мүмкүн болгон коркунучтардын айкалышын кылдат таразалап туруп, эмдөөгө талапкерлер катары караштыруу зарыл. Чечимди сөзсүз түрдө дарылоочу дарыгер менен биргеликте кабыл алуу керек”, - деп кошумчалады ал.

Анын маалыматына ылайык, 2020-жылы Кыргызстан боюнча биринчи жолу кайрылган 5 миң 377 онкологиялык бейтап алгачкы ирет эсепке алынды, 3 миң 539 адам көз жумса, 28 миң 586 адам эсепте турат.

Пикир

Оставить комментарий