• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Онкологиялык оорусу бар жарандар арасында дары-дармек жетишсиз болуп жатат – Саламаттык сактоо министрлиги

Ден соолук 0

Бишкек, 20.04.20. /Кабар/. Онкологиялык оорусу бар жарандар арасында дары-дармек жетишсиз болуп жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Маалымат жыйында онкологиялык оорусу бар жарандар карантинден кийин митингге чыгары күтүлүп жатат, алардын нааразычылыгынын себеби эмнеде, Саламаттык сактоо министрлиги кандай аракеттерди көрүп жатат деген суроо узатылды.

"Алардын да чечилбей жаткан маселелери бар болсо керек. Ал негизинен дары-дармектин жетишсиздиги болуп жатат. Бул тууралуу министрликтин маалыматы бар. Ал маселени чечүү боюнча иш алып барып жатабыз", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 20-апрелге карата коронавирус жуктурган 14 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 568ге жетет. Алардын ичинен 201 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 7 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий