• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Онлайн билим берүү. Педагогдор, окуучулар жана ата-энелер үчүн нускамалар иштелип чыкты

Билим 0

Бишкек, 21.08.20. /Кабар. Билим берүү жана илим министрлиги педагогдорго, окуучуларга, ата-энелерге дистанттык жана салттуу окутуу мезгилинде ар тараптуу кѳмѳк кѳрсѳтүү максатында атайын сунуштамалар жана нускамаларды иштеп чыкты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Министрдин орун басары Надира Жусупбекова, министрликтин адистери, эксперттер областтардын, райондордун, шаарлардын жетекчилиги, мектеп администрациялары жана педагогдор менен системалуу түрдѳ онлайн жыйындарды ѳткѳрүп жатат. Дистанттык окутууну уюштуруу боюнча буга чейин түзүлгөн Эксперттик-консультативдик кеңеш беш топко бөлүнүп, ар бир багыт боюнча иш алып барып, сунуш жана кеңештерден турган нускамаларды иштеп чыкты.

1-топ тарабынан дистанттык окутуу мезгилинде ата-энелерге методикалык, психологиялык жардам көрсөтүү боюнча атайын нускама иштелип чыкты. Нускама кыргыз жана орус тилдеринде бардык региондорго жѳнѳтүлдү, министрликтин сайтына жайгаштырылды, ошондой эле “Кутбилим” гезитине да басылып чыгарылат (1-тиркеме). Жаңы окуу жылында ата-энелерге колдоо кѳрсѳтүү максатында ар бир мектепте ыкчам кызматтар уюштурулат.

2-топ тарабынан башталгыч класстарды, тактап айтканда, 1-класстын окуучуларын салттуу түрдѳ окутуунун алгоритми жана 2-11-класстардын окуучуларын дистанттык формада окутуу боюнча нускама иштелип чыкты. Бул нускама да кыргыз, орус тилдеринде бардык региондорго жѳнѳтүлдү, министрликтин сайтына да жайгаштырылды (2-тиркеме).

3-топ тарабынан мектеп мугалимдерине дистанттык формада окутуунун негиздери, аны туура уюштуруунун жолдору боюнча материалдар иштелип чыкты. Иштелип чыккан материалдардын негизинде “Санарип мугалим” аттуу бир айлык жарыяланып, бардык билим берүү кызматкерлери үчүн окуулар 2020-жылдын 5-августунан 25-августуна чейин жүргүзүлүүдѳ.

4-топ тарабынан онлайн окутуу, электрондук каражаттарды жана интернет ресурстарын туура колдонуу жөнүндө мектеп окуучуларына атайын материалдар иштелип чыкты. Бул материалдарда дистанттык формада ѳтүлүүчү окуу процессинде колдонулуучу ресурстар ар бир класс жана предметтер боюнча аныкталып берилди ( 3-тиркеме).

5-топ тарабынан онлайн мектеп жөнүндө керектүү маалыматтарды камтыган материалдар иштелип чыгып, дистанттык формада билим алуу боюнча окуучуларга сунуштама даярдалды жана бардык региондорго жѳнѳтүлдү, министрликтин сайтына да жүктѳлдү.

Нускамаларды бул шилтемеден жүктөп алса болот.

Пикир

Оставить комментарий