• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Онлайн окутуу. Кочкордо мугалимдер мобилдик тиркемелерди колдонуу жолдорун үйрөнүүдө

Аймак 0

Бишкек, 10.08.20. /Кабар/. Жаңы окуу жылына даярдык көрүү максатында Кочкор районундагы мугалимдер мобилдик тиркемелерди колдонуу жолдорун үйрөнүүдө.

Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, райондогу 34 мектептен мугалимдерди атайы компьютердик билим, интернет, электрондук күндөлүк жана мобилдик тиркемелерди колдонуунун жолдорун үйрөтүүчү курс башталды.

"Курс 1 айга созулуп, мугалимдер даярдалат. Ал эми курсту ийгиликтүү аяктаган мугалимдер өздөрү иштеген мектептеринде жалпы алган тажрыйбаны бөлүшөт", - деп айтылат маалыматта.

Аталган иш-чара Кочкор райондук мамлекеттик администрациясы, Кочкор райондук билим берүү бөлүмү тарабынан ишке ашырылууда.

Эске сала кетсек, түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен жаңы окуу жылынын биринчи чейрегин аралыктан уюштуруу пландалып жатат. Кырдаал жакшы жагына өзгөрүүсү менен окуучулар мектепке реалдуу режимде окууга келишет.

Азыркы учурда Билим берүү жана илим министрлигинин алдында практик-педагогдордон, эксперттерден, билим берүү жаатындагы менеджерлерден турган эксперттик-консультативдик кеңеш иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий