• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"Онлайн университет" платформасы: Эртең мектеп бүтүрүүчүлөрүнө кесип тандоо боюнча вебинар өтөт

Билим 0

Бишкек, 07.05.20. /Кабар/. "Онлайн университет" платформасы эртең, 8-майда саат 15:00дө ата-энелердин жана мектеп окуучулардын суроо-талабы боюнча "Бүтүрүүчүнүн көйгөйү: Кайда барам? Кайсы окууга тапшырам?" деген темада вебинар өткөрөт. Бул тууралуу аталган платформанын негиздөөчүлөрүнүн бири Элира Турдубаева билдирди.

Аталган вебинарга кесипке багыт берүү боюнча жергиликтүү эксперттер, чет өлкөлөрдө иштеген мекендештерибиз жана ата-энелер катышат.

Вебинарда бүгүнкү күндүн талабына ылайык, мектеп бүтүрүүчүлөрүнө кесип тандоого багыт берүүнүн заманбап ыкмалары тууралуу түйшөлткөн жана кызыктырган бардык суроолор боюнча талкуу болот.

"Мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн келечек кесибин тандоо маселелери түйшөлткөн жана кызыктырган бардык каалоочуларга вебинарыбыздын эшиги ачык. Профориентация азыркы күндө өтө курч турган маселелердин бири. Аны чечүү үчүн алдыңкы тажрыйбалар тууралуу кенен маалымат алуубуз керек", - дейт Онлайн университетинин демилгечи тобунун мүчөсү М.Токтогулова.

Белгилей кетсек, Онлайн университетинин курамы чет өлкөлөрдө билим берүү жана илимий изилдөө борборлорунда иштеген кыргызстандык мекендештерибизден жана жергиликтүү тажрыйбалуу педагогдордон турат.

Аталган платформа дистанттык технологияларды колдонуу аркылуу билим берүүнү онлайн режиминде жүргүзүү жана эл аралык окуу жайларда, изилдөө институттарында эмгектенген мекендештерибиз менен тыгыз кызматташуу аркылуу Кыргызстандын билим берүүсүнө өнүккөн өлкөлөрдүн алдыңкы тажрыйбаларын жайылтуу максатын көздөйт.

Пикир

Оставить комментарий