• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"Онлайн университет" платформасы: Эртең онлайн сынакты уюштуруу боюнча вебинар өтөт

Билим 0

Бишкек, 06.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда жаңы ачылган "Онлайн университет" платформасы эртең, 7-майда саат 15:00дө "Онлайн сынакты кантип уюштуруу керек?" аттуу темада вебинар өтөт. Бул тууралуу аталган платформанын негиздөөчүлөрүнүн бири Элира Турдубаева билдирди.

Анын айтымында, вебинарга эл аралык билим берүү тармагында иштеп жаткан адистер жана педагогдор катышат. Алар онлайн сынак алуу эрежелери, анын түрлөрү жана онлайн сынакты уюштуруу сыяктуу маселелер боюнча кенен маалымат беришет. Учурдагы түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын бардык билим берүү мекемелеринде сынактар, дипломдук, магистрдик иштерди коргоо онлайн форматта өткөрүлмөкчү. Жогорку окуу жайлар бул кырдаалга даяр эмес болгондуктан, бир катар кыйынчылыктар жаралууда.

"Ушул кыйын мезгилде жогорку окуу жайлардын онлайн окутуу системасына өтүүсүнө жардам берели жана мугалимдердин санариптик сабаттуулугун жогорулаталы деген максатта демилгечи топ түзүп, акысыз вебинарларды өтүп жатабыз", - дейт Турдубаева.

Белгилей кетсек, жаңы ачылган "Онлайн университеттин" курамы чет өлкөлөрдөгү билим берүү жана илимий изилдөө борборлорунда иштеген мекендештерибизден жана Кыргызстандагы тажрыйбалуу педагогдордон турат.

Аталган платформа дистанттык технологияларды колдонуу аркылуу билим берүүнү онлайн режиминде жүргүзүү жана эл аралык окуу жайларда, изилдөө институттарында эмгектенген мекендештерибиз менен тыгыз кызматташуу аркылуу Кыргызстандын билим берүүсүнө өнүккөн өлкөлөрдүн алдыңкы тажрыйбаларын жайылтуу максатын көздөйт.

Пикир

Оставить комментарий