• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Онлайн университети: Бүгүн "Балдарды чет тилдерин үйрөнүүгө шыктандыруу" аттуу вебинар өтөт

Билим 0

Бишкек, 18.06.20. /Кабар/. Бүгүн 18-июнда саат 17:00дө Онлайн университетинин балдар жана ата-эне лабораториясы "Балдарды чет тилдерин үйрөнүүгө шыктандыруу" темасында вебинар өткөрөт. Бул тууралуу вебинардын уюштуруучуларынын бири Элира Турдубаева билдирди.

Вебинар балдарды чет тилдерин үйрөнүүгө шыктандыруу боюнча пикир алышууга жана тажрыйба бөлүшүүгө арналган.

Вебинардын спикерлери – Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин чет тилдер жогорку мектебинин улук окутуучусу Толкун Мусаева жана тилчи-котормочу, Кумтөр Голд компаниясынын котормочусу Гүлизат Бекмурзаева мотивациянын түрлөрү жана балдардын чет тилдерге болгон кызыгуусун арттыруу тууралуу айтып берет. Балдардын жана студенттердин чет тилдерин үйрөнүүгө кызыгуусун ойготууда ата-эненин жана мугалимдин ролу өтө маанилүү экендигине басым жасоо менен, балдардын мотивациясынын туура калыптанышына токтолушат.

Эске салсак, Онлайн университетинин балдар жана ата-эне лабораториясы муундар арасындагы байланыштар, үй-бүлө, ата-эне, балдар маселелери, анын ичинде балдарды китепке, искусствого кызыктыруу жана технология заманында балдардын психологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен тарбия берүү маселелери боюнча кеңеш берүү максатында түзүлгөн.

Вебинардын шилтемеси

Конференциянын идентификатору: 950 4086 7611

Паролу: 467771

Пикир

Оставить комментарий