• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Онлайн университети: Бүгүн интервью алуунун стратегиялары боюнча вебинар өтөт

Билим 0

Бишкек, 26.06.20. /Кабар/. Онлайн университетинин илимий изилдөө лабораториясы бүгүн, 26-июнда саат 17:00дө “Илимий изилдөөдө интервью алуу стратегиялары” темасында кезектеги вебинарын сунуш кылат. Бул тууралуу аталган вебинардын уюштуруучуларынын бири Элира Турдуева билдирди.

Вебинардын спикерлери интервью – илимий изилдөөнүн эң негизги усулдарынын бири экендигине кенен токтолуп, интервью алуунун жолдору жөнүндө маалымат беришет. Изилдөөнүн максатына карап, суроо түзгөндү үйрөтүп, иш учурунда жаралган түрдүү шарттарга токтолушат.

Иш-чарада ошондой эле интервью жөнүндө маалымат берүү менен кошо интервьюну алуу стратегияларына жана техникасына басым жасалат.

Спикерлер Франкфурт шаарындагы Гёте Университетинин Антропология факультетинде окутуучусу жана изилдөөчүсү Бактыгүл Тулебаева менен Германиянын Түбинген университетинин Антропология программасынын докторанты жана окутуучусу Гүлзат Баялиева болмокчу.

Белгилей кетсек, Бактыгүл Тулебаева докторлук ишин Кыргызстандагы балдар тууралуу жазып, Гёте Университетинде ийгиликтүү жактаган. Коомдук Антропологияда PhD даражасын Улуу Британиядагы Эдинбург университетинен алган.

Гүлзат Баялиева учурда Германияда Түбинген Университетинде окутуучусу. Учурда Коомдук антропология тармагында докторлук ишинин үстүндө иштеп жатат. Венгриядагы Борбор Европанын университетинде "Саясат тануу" тармагында магистратура программасын аяктаган. Мындан тышкары бир катар эл аралык стажировкалардан өтүп, түрдүү илимий долбоорлордо иш жүргүзүп келет.

Конференциянын идентификатору: 92790712649

Паролу: 086324

Байланыш үчүн: вотсап Элира Турдубаева +996 700 093 097 onlineuniversitykg@gmail.com

Пикир

Оставить комментарий