• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Онлайн университети: Бүгүн “Изилдөө этикасы” темасына арналган вебинар өтөт

Билим 0

Бишкек, 12.06.20. /Кабар/. Бүгүн, 12-июнда саат 17:00дө Онлайн университетинин илимий изилдөөлөр лабораториясы “Изилдөө этикасы” темасына арналган вебинар өткөрөт. Бул тууралуу аталган вебинардын уюштуруучуларынын бири Элира Турдубаева билдирди.

“Изилдөө этикасы” же “изилдөө адеби” боюнча жобо адам укугун одоно бузган жана адамдардын өмүрүн алган биомедициналык изилдөөлөрдөн кийин кабыл алынган. Ошондон бери коомдук илимдерде да кеңири колдонулуп, изилдөөдө адамга зыян келтирүүгө жол бербөө максатын көздөп келет. Бул вебинарда изилдөөчүнүн илим алдындагы жана маалыматчылар алдындагы жоопкерчилиги, изилдөө этикасынын эрежелери жана аларды сактоо жолдору тууралуу сөз болот. Чет элдик изилдөөлөрдөгү тажрыйбалар бөлүшүлүп, Кыргызстанда да изилдөө этикасынын эрежелерин системалуу киргизип, жайылтуу керектиги кеңири талкууланат”, - деди Турдубаева.

Вебинардын спикерлери Бактыгүл Тулебаева – Германиянын Франкфурт шаарындагы Гёте университетинин Антропология факультетинде окутуучу жана изилдөөчү. Докторлук ишин Кыргызстандагы балдар тууралуу жазып, аны аталган университетте 2017-жылы ийгиликтүү жактаган. 2009-жылы Улуу Британиядагы Эдинбург университетинен коомдук антропология боюнча PhD даражасын алган. Дүйшөн Шаматов Назарбаев университетинин Жогорку билим берүү мектебинде иштейт. Ал докторлук даражасын 2005-жылы Канададагы Торонто университетинин Онтарио билим берүүнү изилдөө институтунан "Кыргызстандагы жаш мугалимдердин кесиптик социалдашуусу: кыйынчылыктарды жеңүүнүн стратегиялары" деген темада жактаган.

Конференциянын идентификатору: 947 1768 3039

Паролу: 847771

Пикир

Оставить комментарий