• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Онлайн университети. Эртең “Сын ой жүгүртүү окутуу усулу катары” аттуу вебинар өтөт

Билим 0

Бишкек, 26.06.20. /Кабар/. Онлайн университетинин Илимий изилдөө лабораториясы 27-июнда саат 15:00дө “Сын ой жүгүртүү окутуу усулу катары” темасында кезектеги вебинарын сунуш кылат. Бул тууралуу аталган вебинардын уюштуруучуларынын бири Элира Турдуева билдирди.

Иш-чаранын спикери − Тынаркүл Рыскулова филология илимдеринин кандидаты, Борбордук Азиядагы Эл аралык университеттин доценти. Белгилей кетсек, Тынаркүл Рыскулованын кыргыз тилине, адабиятына, Манас таануу илимине арналган бир нече китеби жарык көргөн.

Вебинардын спикери сын ой жүгүртүүгө жана анын принциптерине токтолуп, анын билим берүү жаатындагы зарылчылыгын айтып берет. Салттуу окутуу усулдары менен сын ой-жүгүртүүнүн ортосундагы өзгөчөлүк эмнеде экендигине кайрылат. Сын ой жүгүртүү усулдарынын негизиндеги окуу процессинин үч баскычында эмне камтылгандыгы жөнүндө маалымат берет.

Балдарга, студенттерге жана окутуучуларга арналган бир катар тренингдердин долбоорун иштеп чыгып, өткөргөн. АКШдагы Индиана университетинин жана Канзас университетинин Антропология багытындагы курстарды иштеп чыккан. Ошондой эле сын ой жүгүртүү усулдары боюнча тренингдерди өткөрүп келет.

Конференциянын идентификатору: 992 1119 9736

Паролу: 708768

Пикир

Оставить комментарий