• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Онлайн университети "Изилдөө темасын кантип тандоо керек?" деген темада вебинар өткөрөт

Билим 0

Бишкек, 24.05.20. /Кабар/. Эртең, 25-май күнү саат 15:00дө Онлайн университетинин изилдөө лабораториясы "Изилдөө темасын кантип тандоо керек?" деген темада вебинар өткөрөт. Бул тууралуу аталган вебинардын уюштуруучуларынын бири Элира Турдубаева билдирди.

Вебинарда изилдөө ишинин темасын тандоо стратегиялары тууралуу кеңири маалымат берилет. Ошондой эле студенттердин, магистранттардын жана жаш илимпоздордун илимий иштерин уюштурууда теманы туура тандоонун мааниси жана тема тандоо ишинин баскычтары талкууланат. Андан тышкары, изилдөө ишинин же илимий макаланын темасын кызыктуу жана таасирдүү кылуунун жолдору тууралуу практикалык сунуштар берилет.

Вебинардын спикерлери Борбордук Азиядагы Америка университетинин Антропология программасынын доценти Мукарам Токтогулова жана Германиядагы Тюбинген университетинин окутуучусу жана докторанты Гүлзат Баялиева болмокчу.

Белгилей кетсек, Онлайн университетинин изилдөө лабораториясы кыргызстандык жаш изилдөөчүлөргө Web of Science, Scopus сыяктуу дүйнөлүк реферативдик маалымат базаларына кирген илимий журналдарга макала жазуу эрежелерин, изилдөө баскычтарын үйрөтүү жана кеңеш берүү максатында түзүлгөн.

"Онлайн университети" платформасынын изилдөө усулдары лабораториясынын вебинарлары мындан ары да улантылып, илимий иш жазуунун эл аралык талаптары тууралуу маанилүү темаларда вебинарлар сериясын улантат.

Пикир

Оставить комментарий