• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

"Онлайн Университети" платформасы: Эртең илимий журналдарды баалоо боюнча вебинар өтөт

Билим 0

Бишкек, 19.05.20. /Кабар/. Эртең, 20-майда саат 15:00дө "Илимий журналдарды баалоо: "жырткыч" журналдардан сактануу" аталыштагы вебинар өтөт. Бул тууралуу вебинарды уюштуруучулардын бири Элира Турдубаева билдирди.

Вебинар заман талабына ылайык абройлуу журналдарды кантип табуу керектиги, журналдардын сапатын кантип текшерүү жана баалоо керектиги, журналдардын сапатын текшерүүдө кандай системаларды колдонуу керектиги, журналдын импакт фактору, квартили деген эмне, Web of Science, Scopus, РИНЦте журналдардын сапатын текшерүү кандай жүргүзүлөрү, SCIE, SSCI, AHCI, ESCI индекстердин айырмалары тууралуу болот.

Вебинардын спикери Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин китепкана жана иш кагаздар башкармалыгынын башчысы Максатбек Ынакбеков болот.

"Азыркы убакта дүйнө жүзүндө 100 миңден ашык илимий журналдар бар. Бирок, бул илимий журналдардын замандын талабына ылайык сапатын, деңгээлин текшерүү илимпоздорубузга суроо жаратып келет. Тилекке каршы, бул журналдардын арасында каражат табуу максатын көздөгөн "жырткыч" журналдар да көп, алар илимпоздордун эмгегин текке кетирген учурлар арбын. Жеке эле "жырткыч" журналдар эмес, "жырткыч" басмаканалар, маалымат базалары, конференциялар, тартып алынган журналдар да учурда көп учурайт", - дейт Ынакбеков.

Максатбек Ынакбеков Бишкек гуманитардык университетинин социалдык информациялар жана документология бөлүмүнүн магистратурасын артыкчылык диплому менен бүтүргөн. Учурда Кыргызстанда китепкана ишиндеги заманбап иштөө усулдары менен китепкананын технологиялык системасын мыкты билген, дүйнөдөгү илимий реферативдик маалымат базалары боюнча кесипкөй адис катары таанылып келет.

Пикир

Оставить комментарий