• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Онлайн университети: "SCOPUS жана Web of Science журналдары макалаңыздан эмне күтүшөт?" аттуу вебинар өтөт

Билим 0

Бишкек, 16.06.20. /Кабар/. Бүгүн, 16-июнда саат 15:00дө Онлайн университеттин илимий-изилдөөлөр лабораториясы "SCOPUS жана Web of Science журналдары макалаңыздан эмне күтүшөт? Макаланын теориялык өзөгү" деген кезектеги вебинарын өткөрөт. Бул тууралуу вебинардын уюштуруучуларынын бири Элира Турдубаева билдирди.

Вебинардын спикери Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Социология бөлүмүнүн улук окутуучусу (PhD) Бактыбек Исаков болот.

Эске салсак, Онлайн университеттин онлайн окутуу усулдары лабораториясы мектеп мугалимдерине жана ЖОЖ окутуучуларына онлайн сабак өтүү жана сынактарды уюштуруу боюнча бир катар вебинарларды акысыз өткөрүп, жаңы усулдарды үйрөтүп келет.

Конференциянын идентификатору: 974 3346 0988

Пароль: 624386

Пикир

Оставить комментарий