• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Онлайн Университети: "Видео-сабак даярдоо усулдары" аталышындагы вебинар өтөт

Коом 0

Бишкек, 18.06.20. /Кабар/. Бүгүн, 18-июнда саат 15:00дө Онлайн университеттин онлайн окутуу усулдары лабораториясы "Видео-сабак даярдоо усулдары" аталыштагы вебинар өткөрөт. Бул тууралуу вебинардын уюштуруучуларынын бири Элира Турдубаева билдирди.

Вебинарда видео-сабакты даярдоо, видео-сабак даярдоо боюнча технологиялар, акысыз онлайн-ресурстар (OBS Studio), видео, аудио монтаждоону, видео-сабакка үн коштоону, www.youtube.com сайтына жүктөөнү түшүндүрүп, көрсөтүп үйрөтөт.

Вебинардын спикери Мирлан Нуркамилов Санкт-Петербург шаарындагы М.И.Калинин атындагы политехникалык институттун Механика жана машина куруу факультетин аяктап, инженер-механик деген квалификацияга ээ болгон. Көп жылдар бою маалымат топтоо жана анализдөө багытында кызмат өткөргөн. Бир нече ведомстволук жана мамлекеттик сыйлыктардын ээси, КР МУКК отличниги, аскердик наамы – полковник.

Эске салсак, Онлайн университетинин балдар жана ата-эне лабораториясы муундар арасындагы байланыштар, үй-бүлө, ата-эне, балдар маселелери, анын ичинде балдарды китепке, искусствого кызыктыруу жана технология заманында балдардын психологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен тарбия берүү маселелери боюнча кеңеш берүү максатында түзүлгөн.

Вебинардын шилтемеси:

Конференциянын идентификатору: 945 6765 4972

Паролу: 421425

Пикир

Оставить комментарий