• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Онлайн жана кадимки тартипте. ЖРТга каттоо 14-февралдан 6-апрелге чейин жүрөт

Билим 0

Бишкек, 16.02.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда 2022-жылы жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 14-февралдан 6-апрелге чейин жүрөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Билим берүү жана илим министрлигинин Мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Үсөналиев билдирди.

Анын айтымында, ЖРТга каттоо Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун сайтынын электрондук платформасында өткөрүлөт.

"Тестке каттоо 11-класстын окуучулары үчүн мектептерде уюштурулуп, ал эми мектепти мурдараак аяктаган бүтүрүүчүлөр үчүн каттоо шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүндө өтөт. Каттоодон өтүү үчүн паспорт же туулгандыгын тууралуу күбөлүк, орто билим жөнүндөгү аттестаты (мурун окууну аяктагандар үчүн), ЖРТга каттоо акысы төлөгөндүгүн тастыктаган дүмүрчөк (квитанция), электрондук фотосүрөт керек. Каттоо акысы ар бир абитуриент үчүн негизги тестке жана ар бир предметтик тестке 370 сомду түзөт", - дейт ал.

Үсөналиев белгилегендей, учурда окуу жайларга өтүүнүн босого баллы 110 (предметтик 60) бойдон калууда. Бирок тесттин жыйынтыгына жараша босого балл өзгөрүшү мүмкүн.

“Бийик тоолуу аймак, айыл, шаар, райондук-шаардык мектептерге, жалпы жонунан беш багытта жеңилдиктер берилет”, - дейт ал.

Марат Үсөналиев быйыл мектепти 68 миң окуучу аяктаганы жатканын айтып, алардын 60 пайызы гана тест тапшырарын маалымдады.

Пикир

Оставить комментарий