• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ооганстан боюнча сүйлөшүүлөргө Борбордук Азия өлкөлөрү чакырылат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Podrobno.uz. Москвада ооган маселеси боюнча алты тараптуу форматта Россиянын, Ооганстандын, Пакистандын, Кытайдын, Ирандын жана Индиянын катышуусунда атайын өкүлчүлүк деңгээлинде консультация өттү.

Тараптар Ооганстандын коопсуздугун жана ага карата регионалдык мамилени талкуулашты, деп билдирди Россиянын ТИМинин басма сөз кызматы.

“Аталган сүйлөшүүнүн форматын кеңейтүү мүмкүнчүлүгүнүн контексинде кийинки стадияда башка өлкөлөрдүн, биринчи кезекте Борбордук Азиянын потенциалын пайдалануу менен Ооганстандагы кырдаалды турукташтырууда регионалдык күчтөрдүн зарылдыгын түшүнүшүүгө жетишилди”,-деп белгиленген билдирүүдө.

ТИМдин маалыматына караганда, консультациянын катышуучулары Кабулдун жетекчилик ролун сактоо менен Ооганстандын ич-ара элдешүүсүнө күч-аракет жумшоону арттырууга жана мурда жетишилген куралдуу оппозицияны тынч турмушка интеграциялоо пронциптерин сактоого макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий