• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ооганстандын футбол федерациясынын мурдагы башчысы камакка алынат

Дүйнө 0

Бишкек, 11.06.19. /Кабар/. 9-июнда Ооганстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) өлкөнүн футбол федерациясынын мурдагы президенти Керамуудин Каримди камакка алуу тууралуу токтом чыгарды. Ал футбол боюнча улуттук кыз-келиндер курамасынын оюнчуларына ыдык көрсөткөн деп айыпталууда.

Ушул эле күнү Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) дисциплинардык комитети Каримди футболго байланышкан бардык иштерден өмүрү өткөнчө четтетүү чечимин кабыл алып, аны 1 миллион швейцария франкы өлчөмүндө айыппул төлөөгө милдеттендирди.

Былтыр декабрда Ооганстандын футбол федерациясынын башчысы менен уюмдун беш өкүлү улуттук кыз-келиндер командасынын оюнчуларына карата сексуалдык ыдык көрсөткөндүгү үчүн иштен алынган.

Ооган футболундагы мындай зомбулук учурлары тууралуу 2016-жылы өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон улуттук кыз-келиндер курамасынын мурдагы капитаны Халида Попал айтып чыккан. Ал 2017-жылы Британиянын The Guardian гезитине интервью берип, ооган футболчу кыздары физикалык жана сексуалдык зомбулуктарга кабылышканын билдирген. Анда ал мисал катары команданы Иорданиядагы беттешке коштоп барган эки эркек кыздарды жыныстык катнашка барууга мажбурлашканын айтып берген. «Ооганстанда туруп мындай учурлар жөнүндө айтуу биз үчүн абдан оор болчу. Анткени алар өтө таасирдүү адамдар эле. Эгер ооган футболчусу нааразылык билдирсе, аны өлтүрүп коюулары мүмкүн», — деп билдирген Халида Попал.

Ооган футболундагы бул окуяга өлкө президенти Ашраф Гани реакция кылып, Башкы прокуратурага текшерүү жүргүзүү тапшырмасын берген.

Пикир

Оставить комментарий