• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Оор атлет Азизбек Куйкеев ардагерлер арасындагы Россия чемпионатында «коло» медаль утуп алды

Спорт 0

Бишкек, 23-март /Кабар/. Кыргызстандык оор атлетчи Азизбек Куйкеев ардагерлер арасындагы Россия чемпионатында “коло” медаль утуп алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ардагерлер арасында Россиянын XXII ачык чемпионаты 16-19-март күндөрү Москва шаарында өттү.

Кыргызстандык оор атлет 50-54 жаштагы спортчулар арасында 77 кг чейинки категорияда чыгып, жалпысынан 200 кг көтөрө алган.

Эскерте кетсек, оор атлет А.Куйкеев 2013-жылы чеберлер арасындагы дүйнө чемпиону, 2014-жылкы күмүш медалдын жеңүүчүсү, 2014-жылы оор атлетика боюнча дүйнө кубогунун күмүш медалынын, 2016-жылы Японияда өткөн оор атлетика боюнча дүйнө кубогунун күмүш медалынын ээси болуп саналат.

Ошондой эле, ал оор атлетика боюнча эл аралык категориядагы калыс.

Пикир

Оставить комментарий