• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Оор атлетчи Бакдөөлөт Расулбеков Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды

Спорт 0

Бишкек, 12.06.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык оор атлетчи Бакдөөлөт Расулбеков Токиодо өтө турчу Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды. Бул тууралуу Оор атлетика федерациясынын вице-президенти Уланбек Молдодосов фейсбуктагы баракчасында билдирүү калтырды.

Молдодосов Бакдөөлөт Расулбеков 96 кг салмакта оор атлетика боюнча дүйнөдөгү мыкты 10 спортчунун катарына кирерин жазган.

Ошондой эле ал спортчунун машыктыруучусу Өмүржан Молдодосовго, оор атлетика боюнча курама команданын башкы машыктыруучусу Камбар Токтоналиевге ыраазычылыгын билдирип, спортчуга Олимпиада оюндарында ийгилик каалады.

Эскерте кетсек, Токиодо өтө турчу XXXII жайкы Олимпиада оюндарына буга чейин Атабек Азисбеков, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов жана Үзүр Жусупбеков (грек-рим күрөшү), Эрназар Акматалиев (эркин күрөш), Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова (кыз-келиндер күрөшү), Дарья Маслова, Юлия Андреева жана Мария Коробицкая (жеңил атлетика), Денис Петрашов (сууда сүзүү), Роман Петров (фехтование) лицензия алган.

Пикир

Оставить комментарий