• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Оор атлетчи Бекдөөлөт Расулбеков “EGAT Cup” мелдешинде алтын тагынды

Спорт 0

Бишкек, 12.02.19. /Кабар/. Оор атлетчи Бекдөөлөт Расулбеков Таиланддын Чиангмай шаарында өткөн “EGAT Cup” эл аралык мелдешинде жеңишке жетишти. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 7-10-февраль күндөрү болуп өткөн.

Бекдөөлөт Расулбеков 102 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан.

Алгач Бекдөөлөт жулкуп көтөрүүдө 157 килограмм салмакты багындырган. Ал эми түртүп көтөрүүдө 180 килограмм салмакты көтөргөн. Жалпы 347 килограмм салмакты көтөргөн чоюн билек балбан мелдештин алтын медалын тагынган.

Белгилей кетсек, бул мелдешке Изат Артыков да катышкан. Ал өз салмак ченинде төртүнчү орунга ээ болгон.

Пикир

Оставить комментарий