• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Оор атлетчи Бекдөөлөт Расулбеков Өзбекстандагы эл аралык мелдеште алтын байгелүү болду

Спорт 0

Бишкек, 12.02.20. /Кабар/. Кыргызстандык спортчу Бекдөөлөт Расулбеков Өзбекстандагы оор атлетика боюнча эл аралык мелдеште үч алтын утту.

Мелдеш Ташкент шаарында өтүүдө.

Чоюн билек балбан 96 килограмм салмакта күч сынашкан. Ал булкуп жана түртүп көтөрүүдө жана жалпы жыйынтык боюнча биринчи болгон.

Эскерте кетсек, кечээ ушул эле мелдештин алкагында 81 килограмм салмакта күч сынашкан кыргызстандык Эмиль Молдодосов.күмүш байге уткан.

Бул жарыш рейтингдик мелдеш болуп эсептелет. Спортчулар рейтингдик мелдештерде упай топтоп, Токиодогу Олимпиада оюндарына жолдомо алууга мүмкүнчүлүк алышат.

Пикир

Оставить комментарий