• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Оор атлетчилер Бахрейнде өткөн эл аралык мелдеште байгелүү орундарга ээ болушту

Спорт 0

Бишкек, 17.03.23. /Кабар/. Кыргызстандын оор атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Бекдөөлөт Расулбеков жана Эмил Молдодосов Бахрейнде өткөн эл аралык мелдеште байгелүү орундарга ээ болушту.

Дене тарбия жана спорт департаментинин басма сөз кызматы билдиргендей, 102 кг салмак категорияда Бекдөөлөт Расулбеков 1-орунду, ал эми 89 кг салмакта Эмил Молдодосов 2-орунду ээледи.

Пикир

Оставить комментарий