• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Оор атлетчилер Олимпиадага лицензия берүүчү мелдешке катышат

Спорт 0

Бишкек, 07.02.19. /Кабар/. Кыргызстандын оор атлетчилери Таиланддагы "Egat Cup" эл аралык лиценциялык мелдешине катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 7-10-февраль күндөрү Таиланддын Чиангмай шаарында болуп өтөт.

Аталган мелдешке Кыргызстандын атынан эки чоюн билек балбан катышууда. Алардын бири Бекдөөлөт Расулбеков 96 килограмм салмакта күчүн сынаса, Изат Артыков 67 килограммда ат салышат.

Изат Артыков бүгүн, 7-февралда, ал эми Бекдөөлөт Расулбеков 9-февраль күнү жарышка чыгат.

Жаштар иштери агенттиги бул спортчулар үчүн Олимпида оюндарына лицензия берүүчү мелдеш экенин белгилейт.

"Олимпиада оюндарына лицензия алуу үчүн спортчу бир олимпиадалык циклде алты мелдешке катышып, упай топтошу керек. Олимпиадага катышуу укугу ар бир салмак чени боюнча дүйнөлүк рейтингдеги 14 мыкты спортчуга берилет", - деп билдирет аталган мамлекеттик агенттик.

Белгилей кетсек, Бекдөөлөт Расулбеков 2018-жылы декабрда Катардагы квалификациялык мелдешке катышкан. Анда ал бешинчи орунду ээлеп, олимпиадалык рейтингдеги алгачкы упайларын ала алган. Ал эми Изат Артыков лицензияга жол ачуучу алгачкы мелдешине катышат.

Пикир

Оставить комментарий